Радио

Меңдебаиров: театрда Айтматовдун чыгармалары күнүнө эки-үч ирет коюлат

Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Назым Меңдебаиров улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына быйыл өзгөчө көңүл бурулуп, сахналаштырылып жатканын айтты.
Sputnik
Меңдебаиров: театрда Айтматовдун чыгармалары күнүнө эки-үч ирет коюлат

"Саманчынын жолу" спектакли күнүнө эки-үч ирет коюлган учурлар болот. Бул тууралуу Назым Меңдебаиров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына көрүүчүлөр тарабынан ар дайым кызыгуу болуп келет.

"Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекеси театр айдыңында да кызуу белгиленүүдө. Анын чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдер ар дайым суроо-талапка ээ. Айта кетсем, "Саманчынын жолу" спектакли айрым күндөрү эки-үч ирет коюлат. Андан сырткары, быйыл репертуарыбызга Бактыгүл Чотурованын калеминен жаралган "Рамаяна" эпосун сахналаштыруу кошулду. Эпостун баарын камтый албасак дагы түпкү тамырын, сюжетин ачып берүүгө аракет кылуудабыз", — деди Назым Мендебаиров.

Ал маянанын аздыгынан улам театрда иштеген таланттуу жаштар чет жакка иштеп кетүүгө мажбур болуп жатканын кошумчалады.