ЖАМК жаңы кызматкер издейт. Кандай адистер керек?

Талапкерлер орто билимдүү, аскер мөөнөтүн өтөгөн, 30 жашка чейинки жаран болушу шарт.
Sputnik

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына жаңы кызматкерлер талап кылынарын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Жол кайгуул милициясынын жаңы бөлүмү түзүлөт
Анда контролер кызматына орто билимдүү, аскердик милдетин өтөгөн, жашы 30дан ашпаган эркектер керек экени айтылат. Ошондой эле Жаза аткаруу инспекциясынын офицердик кызматына бардык квалификациядагы дарыгерлер, психологдор жана социалдык кызматкерлер ишке алынат.

ЖАМКтын маалымат кызматы аталган адистик боюнча иштөөнү каалагандар 0312-43-84-60, 0706-81-03-02 телефондоруна байланышса болорун кошумчалады.