Антонина Шевченконун UFC уюмунда беттешчү атаандашы алмашып кетти

Мушкердин эң жеңил салмактагы (57 кг) кармашы 30-ноябрда TUF 28 Finale турниринин алкагында өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Антонина Шевченконун UFC уюму менен келишим түзгөндөн кийинки алгачкы беттеши Лас-Вегаста өтөт. Бирок анын каршылашы алмашып кетти. Бул туурасында Кыргызстандын Муайтай федерациясынан билдиришти.

Октагонго чыкпайт! Мейвезер япониялык мушкер менен беттешүүдөн баш тартты
Мушкердин эң жеңил салмактагы (57 кг) кармашы 30-ноябрда TUF 28 Finale турниринин алкагында өтөт. Антонина Шевченко UFC уюмунун негизги беттешинде үч жолу жеңип, үч ирет жеңилген африкалык Эшли Эванс-Смит менен күч сынашмак. Ал жаракат алып калганына байланыштуу атаандашын алмаштырышкан. Эми Шевченко 29 жаштагы түштүк кореялык Джи Йон Ким аттуу спортчу менен октагонго чыгат. Ал ушул уюмда буга чейин үч беттеш өткөрүп, экөөнү жеңип алган.

Антонина Шевченко быйыл июнда UFC лигасынын "Дана Уайттын талапкерлери" (Dana White"s Contender Series) аталышындагы тандоо турниринде америкалык Жаймелин Ньеверону утуп алгандан кийин келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк алган.