Журналисттин тили менен сүйлөйбүз! ЖМК өкүлдөрү дайыма колдонгон 20 сөз

Ар бир кесиптин өзүнө тиешелүү термин, сөздөрү болот эмеспи. Аны ошол тармакта иштеген адис эле билбесе, башкалары түшүнбөй деле калышы толук ыктымал.
Sputnik

Журналисттердин "зкт", "снх" же "лайф", "верстка" деп айткандарын уксаңыз, кайсы тилде сүйлөп жатат деп таң калбай эле коюңуз. Анткени бул терминдерсиз журналист текст жаза албайт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги калем ээлеринин кесиптик майрамына карата журналистикада көп колдонулган терминдерди топтоп чыкты.

Баса, бул терминдердин маанисин кесиптештер жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берди. Келечекте журналист болчу жаштарга да пайдасы тийип калаар.

Анонс — жарыя, жарнама.

Жээнбеков: коррупцияга каршы күрөштө журналисттердин колдоосуна таянабыз
Подводка — бул терминди ТВда иштеген журналисттер колдонот. Башкача айтканда, сюжеттин жарнамасы.

СНХ (синхрон) — бул терминди да ТВ-радиодо иштегендер көп колдонот. Текст жазып жатканда сюжеттеги сүйлөп жаткан адамды "снх" деп белгилеп алышат.

Лайф — журналисттин же алып баруучунун сөзү жок эле видеодогу жандуу үн. Акыркы мезгилде соцтармактарда дагы "лайф" деген сөз колдонула баштады. Бирок ал "түз эфир" дегенди түшүндүрөт.

Интершум — видеодогу жандуу үн. Лайфта адамдардын жандуу сүйлөшкөнү кошо берилсе, ал эми аттын дүбүртү, короздун кыйкырганы сыяктуу үн, дабыштар — интершум болуп эсептелет.

Бокс — теледе диктор окуй турган кыска маалымат.

Верстка — эфирдин программасы. Версткага диктордун саламдашуусунан баштап, ар бир кабарчынын сюжетинин подводкасы ирети менен жазылат. Алгач ыкчам маалымат андан соң саясий, экономикалык, социалдык жана соңунда маданий жаңылыктар топтолот. Бул термин газетада да колдонулат. Материалдардын гезит бетине жайгаштырылышын да ушинтип аташат.

ЗКТ — (за кадровый текст) кадр артындагы журналисттин сөзү, тексти.

Подкаст — сайтка жайгаштырыла турган аудио. Башкача айтканда, сайттагы үн коштолгон жаңылык.

Стендап — бул термин дагы теле тармагында көп колдонулат. Кабарчынын болуп жаткан окуяны камерага карап айтып бергени стендап болуп эсептелет.

Заголовок — макаланын аталышы (темасы)

Шпигель — экинчи аталышы

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кызматкерлери өкмөттүк сыйлык менен сыйланды
Лид — жаңылыктын, тексттин биринчи абзацы. Бул жерге да макаланын маанилүү бөлүгү, каймагы жазылат. Ал макаланын башында жазылып "ким, эмне, качан?" деген суроолорго жооп бериш керек. Башкача айтканда, тексттин жарнамасы. Ал канчалык кызыктуу болсо, макаланы кызыгып окугандар ошончо көп болот.

Консерва — алдын ала даярдалган материалдар.

Шапка — кайсы бир ишкананын (маалымат агенттик, ТВ) логотиби менен видеонун башына жана аягына коюла турган кыска видео

Хронология — окуялардын убакыт-мөөнөтү менен тизмектелиши

Репортаж — окуяны жеринен жеткирген кабар

Суфлер — телевидениеде дикторлор текстти дал ушул суфлердон карап окушат. Анда редактор түзүп берген текст же верстка атайын суфлердун компьютерине киргизилет дагы, эфир башталганда суфлердо акырындан дикторго ылайыкталып текст чыга баштайт. Суфлерду кээде диктор өзү башкарса, айрым учурда атайын бирөө отурат.

Титр — видеону түшүндүрүп берген кыскача жазуу

Блиц-опрос — кыска-нуска сурамжылоо. Мисалы, өлкөдө болуп жаткан окуялар боюнча элдин оюн сурап, кыска-нуска кылып берсе, ал блиц-сурамжылоо болуп эсептелинет.