Учурда Султаналиев Кыргызстандын Темир жол ооруканасынын башкы дарыгери. Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине оорукананын ишмердүүлүгү жана урологияга байланыштуу кеңештерди айтып берди.
— Эгер тарыхка үңүлсөк, темир жол ооруканасы деп атайын бөлүп ачуунун зарылчылыгы эмнеден келип чыгыптыр?
— Жылына канча бейтап дарыланат?
— Биздин адистер оорунун бардык түрүн карайт. Стационардык бөлүмдөрдө хирургия, терапия жана кардиология тармагы бар. Хирургияда лапароскопиялык жол аркылуу аялдардын жатын ооруларынын бардык түрүнө жана ички органдарга операциялар жасалат. Бир гана жугуштуу оорулар боюнча адисибиз жок. Өкмөттүн алдындагы Милдеттүү медициалык камсыздоо фонду менен түзүлгөн келишим боюнча жылына 3500дөй бейтапка жардам көрсөтө алабыз. Күнүнө 300гө жакын адамды кабыл алууга мүмкүнчүлүк бар.
— Кырсык каш-кабактын ортосунда эмеспи, маселен, поезд кырсыкка учураганда жүргүнчүлөр сиздерге келип түшөбү?
— Биздин темир жолдо ири кырсык деле каттала элек. Илгери мен бала кезимде, тагыраагы 1986-жылы, поезд менен автобус кагышып, жүргүнчүлөр каза болгонун уккан жайым бар. Көп учурда поезд адамды сүзүп кетет. Буга көбүнчө мастар менен кулакчын (наушник — ред.) тагынгандар кириптер болот. Кырсыктагандар аймактык ооруканага, эгерде сынык, жарааттар болсо Травматология жана ортопедия борборуна жеткирилет. Бирок поезддин астынан аман калуу деле мүмкүн эмес го… Адатта ал тогуз же андан көп вагон менен жүрөт эмеспи. Машинист канчалык аракет кылса да ошончо вагон менен дароо локомотивди токтотууга мүмкүн эмес. Жүрүү эрежесине ылайык, вагон акырындап барып токтоого тийиш. Айдоочу маңдайындагы адамды алыстан көрсө, анда токтогонго мүмкүнчүлүгү бар. Жакындан болсо, албетте, окуя кайгылуу аяктайт. Келтирилген чыгымды Темир жол ишканасы көтөрөт.
— Медициналык жайда канча адам эмгектенет? Сиз канча жылдан бери жетекчилик кызматта иштеп жатасыз?
— 2006-жылы уролог дарыгери катары келгем. Андан кийин оорукананын башкы дарыгеринин уюштуруу иштери боюнча орун басары, 2013-жылдан тарта башкы дарыгермин. Жалпысынан 225 кызматкер бар, анын 51и дарыгер, 104ү медайым, калганы башка тармактагылар.
— Кызматкерлерге эмгеги үчүн жакшы эле төлөнүп берилеби? Маселен сиз канча аласыз?
— Ак халатчандардын айлыгы аз экендиги жашыруун эмес. Дарыгердин айлык акысы 5 миң сом, буга категориясы менен иш жылдары үчүн кошумча акыны кошкондо 10-12 миңдей алат. Ошондой эле коюмга жараша 18 миңге чейин алгандар бар. Меники илимий даражамды эсепке алганда 11 миң сом алам. Медайымдар 6-8 миң, ал эми кенже медициналык кызматкерлердики 4-6 миң сомду түзөт.
— Биздин медицинага дагы эмне жетишейт?
— Эми дарыгерлик ишиңиз тууралуу суроо берсем, эмне себептен тандап алдыңыз?
— Үй-бүлөмдө дарыгер аттуулар дегеле жок болчу. Мен бала кезимден эле дарыгер болууну кааладым. Бирок мектепти аяктаганда медициналык институтка өтпөй калып, кийинки жылы тапшырдым. Уролог болом деген оюмда деле жок болчу. Нефролог (бөйрөк оорусунун адиси — ред.) болсом деп жүрчүмүн. Анткен менен 1-курста хирург Мамбет Мамакеевдин ооруканасында санитар болуп иштеп, анан Эрнст Акрамовдун колунан практика өтүп жүрүп хирургияга кызыгып кеттим. Кийинки жылдары дермовенерологиялык ооруканага практикага бардым. Андан кийин травматологиядан да практикадан өтүп жүрдүм. Үйрөнгөн нерселердин баарын чогулта келгенде уролог болууну чечтим. Урологияда инфекциялык ооруну аныктайсың, бөйрөктү сөзсүз текшересиң, анан операция да жасайсың. Кыскасы 3-курстан кийин кайсы жакка бара турганым анык болду.
— Биринчи жасаган операцияңыз эсиңиздеби?
— Албетте, сүннөт операциясын кылган болчумун.
— Балдарды үй шартында отургузууга кандай көз караштасыз?
— Алгач сүннөттүн орду тууралуу айтсам. Бул медициналык жактан абдан керектүү нерсе. Бала отургузулгандан кийин беш дарт такыр жолобойт. Алар: баланит, баланопостит, фимоз, парафимоз жана жыныс мүчөнүн башынын шишиги. Аталган оорулардын бардыгы жыныс мүчөнүн башынын сезгенишинен келип чыгат.
Үй шартында отургузуп жүргөндөргө караманча каршымын. Медициналык билимиң жок кантип бирөөнүн баласына жоопкерчилик аласың? Бирок тилекке каршы, дарыгерлер арасында да ишин жөндөй албагандар бар. Атын атабай эле коеюн, бир хирург кичинекей баланы майып кылып койгон. Ата-энеси айыктырам деп Германияга чейин барган. Колуңан келбесе, даражаң жетпесе, бейтапка жолобош керек.
— Башыңыздан өткөн оор операция кайсы болду?
— Аденома. Бейтабым жашы өтүп калган киши болчу. Анын жумуртка бездери көтөн чучуктагы ичегиге жабышып калган экен. Же заара кыла албай, же заңдай албай төрт жыл кыйналды. Элге да аралаша албай чөгүп кеткен. Бизге маалы менен келип дарыланып турчу. Абдан күчтүү киши экен, аягына чейин чыдап, жакшы болуп кетти.
— Ишиңизде кайсыл нерсе сүйүндүрөт?
— Кайрылган бейтаптарыбыз аман-эсен айыгып кетсе, жасаган операциябыз ийгиликтүү болсо сүйүнөбүз. Мага келип көрүнүп жакшы болуп кеткен эки бала "уулдуу болсок сиздин атыңызды коебуз" деп жүрүшөт.
— Бейтаптарга кандай кеңеш бересиз?
— Биринчиден, урологго көрүнгөндөн тартынбаш керек. Экинчиден, ооруну дарылагандан мурда алдын алганды үйрөнүшүбүз кажет.