Жогорку Кеңештин эң бай жана эң кедей депутаттары. Рейтинг

Айрым эл өкүлдөрүнүн чыгашасы кирешесинен ашып түшүптүр. Кээсинин кыймылсыз мүлкү көп болсо, бир даары жер тилкеси менен огородго гана ээлик кылат экен.
Sputnik

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Эл арасында учурдагы парламент капчыктуу деген кеп бар. Бирок киреше жана чыгаша тууралуу декларацияга көз чаптырсак, бул сөз чындыкка коошпой калчудай.

Sputnik Кыргызстан агенттиги депутаттардын былтыркы жылы тапкан каражатын карап көрдү.

Көп акча тапкан депутат

Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков
Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, КСДПдан депутат Чыныбай Турсунбеков былтыр 39,3 миллион сом иштеп тапкан.

Көп акча короткон депутат

Депутат Жогорку Кенеша Исхак Пирматов
Былтыр "Бир Бол" фракциясынан депутат Исхак Пирматов 26,8 миллион сом чыгымдап, 1,3 миллион сомго жетпеген акча тапкан. Анын туугандары 17,4 миллион сом коротушкан. Экинчи орунда 11,4 миллион сом менен Өмүрбек Бабанов турат.

Акционер депутат

Депутат Максат Сабиров
Максат Сабиров (РАЖ) "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун акцияларынын 0,01 пайызына ээлик кылат. Ал эми анын партиялашы, аталган аба майданынын экс-президенти Бакыт Сыдыков 0,07 пайызына ээ.

Үйү көп депутат

Депутат Марат Аманкулов
КСДПдан депутат болуп келген Марат Аманкуловдун 10 турак үйү бар. Чыныбай Турсунбеков үч батирге ээлик кылса, анын эң чоңунун аянты 214 чарчы метрди түзөт.

Мал-жандуу депутат

Депутат Иса Омуркулов
Жакында эле депутаттык манданттан баш тартып, MegaCom компаниясын жетектеген Акылбек Жамангуловдун 11,5 миллион сомго бааланган малы бар. Ал эми Иса Өмүркуловдун малы 21,1 миллион сомго бааланат.

Көлүгү көп депутат

Депутат Жогорку Кенеша КР Исланбек Сарсейитов
Исланбек Сарсеитовдун менчигинде ВАЗ, ГАЗ, Mercedes-Benz жана Volkswagen Golf үлгүсүндөгү төрт унаа бар. Белгилей кетсек, ал "Кыргызстан" партиясынан депутат болуп келип, жакында эле "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин орун басары болду.

Акчалуу тууганы бар депутат

Депутат Арапбаев Азамат
КСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев кесиптештерине салыштырмалуу анча деле көп акча таппаптыр, "болгону" 7,9 миллион сом. Бирок анын туугандары 158 миллион сом иштеп таап, рекорд коюшту.

Бал челекчи депутат

Спикер ЖК Асылбек Жээнбеков Шарипович
Парламентте бал челек кармаган эки депутат бар. Бири — Асылбек Жээнбеков, экинчиси — Алмазбек Баатырбеков

Баалуу таш жана зер буюмдар

Первое заседании 6 созыва Жогорку Кенеша
Жамангуловду жалпы баасы 2,9 миллион сомду түзгөн баалуу таштары менен зер буюмдары болсо, КСДПдан депутат Азамат Арапбаевдин 2,8 миллион сомдук "таштары" бар.

Эң кедей депутат

1 / 3
Депутат Тариел Жоробеков
2 / 3
Депутат Мухтарбек Айнакулов
3 / 3
Депутат Аида Касымалиева

Декларациядагы маалыматка ылайык, "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Тариел Жоробеков 148 миң сом тапкан, андан тышкары жер тилкеси менен огороду көрсөтүлгөн. КСДП фракциясынан депутат Муктарбек Айнакулов 563 миң сом иштеп тапса, анын партиялашы Аида Касымалиева 577 миң сом көргөн. Үчөөнүн тең же үйү, же унаасы жок экени көрсөтүлгөн.