Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү былтыр канча акча тапкан

Sputnik Кыргызстандагы аткаминерлердин киреше жана чыгашасы тууралуу декларациясын жарыялоону улантат.
Sputnik

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин 2017-жылы тапкан кирешесин жарыялады.

Төмөндө экс-президент Алмазбек Атамбаев кызматка дайындаган аткаминерлердин толтурган декларациясы келтирилди.

Фарид Ниязов

Руководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов
Фарид Ниязов Атамбаевдин кеңешчиси болгон, аппаратын жетектеп, бул кызматты Жээнбековдун тушунда да аркалаган. Былтыр ал 521 миң сом таап, 450 миң сом короткон. 45,2 чарчы метрлик батирге, айыл чарба багытындагы беш жер тилкесине, толук бүткөн имаратка жана бир кашарга ээ. Андан тышкары, эки трактору менен Audi 80 унаасы бар. Жер тилкелери менен сарайы ишенимдүү башкарууга берилген.

Жакын тууганынын атына да аянты 45,2 чарчы метрлик батир, эки жер тилкеси, ошондой эле 665 миң сомдук бодо мал катталган. Былтыр 450 миң сом таап, 310 миң сом сарптаган.

Индира Жолдубаева

Экс-генеральный прокурор Индира Джолдубаева
Башкы прокурорлукту аркалап келген Жолдубаева 582 миң сом иштеп тапкан, 28,9 чарчы метрлик үйү жана 34 чарчы метрлик батири бар. Эмереги 30 миң сомго бааланса, 350 миң сомдук зер буюмдары жазылган. Ал эми "жакын туугандары" деген жери толтурулган эмес.

Сапар Исаков

Допрос Сапара Исакова в ГКНБ
Мурунку премьер-министр Сапар Исаков 2017-жылдын август айына чейин президенттин аппаратын башкарып келген. Былтыркы жылдагы кирешеси миллион сомго чамалап барат. 127,4 чарчы метрлик батирге жана гаражга ээлик кылат. Унаасы жок.

Исаковдун жакын туугандары 141 миң сом тапкан. 370 чарчы метрлик үйү жана Lexus RX 450h үлгүсүндөгү унаасы бар.

Алмаз Курманалиев

Секретарь Совета безопасности КР Алмазбек Курманалиев
Коопсуздук кеңешинин мурдагы жетекчиси (2017-жылдын 26-октябрынан 18-декабрына чейин) былтыр 1 миллион 130 миң сом тапкан. Башка маалымат жок.

Алмазбек Атамбаев

Закрытое заседание фракции СДПК
Экс-президент өз декларациясында былтыр 100 миллион 118 миң сом тапканын жазган. Эскерте кетсек, Атамбаев өлкө башчылыгын 2017-жылдын 24-ноябрына чейин аркалады.

Декларациядагы маалыматка ылайык, экс-ажо 77 миллион сом короткон. 9,1 гектарды ээлеген жер тилкеси жана салынып бүтө элек курулушу бар.

Атамбаевдин жакын туугандары 7,4 миллион сом иштеп тапкан.

Экс-президенттин башка үзөңгүлөштөрү тууралуу маалымат чыга элек.