Экс-министр Эрлан Абдылдаевдин апасы көз жумду

Ал белгилүү кинорежиссер Бекеш Абдылдаевдин жубайы болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин апасы Райхан Абдылдаева узакка созулган оорудан 82 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу үй-бүлөнүн жакын адамдары тастыктады. 

Ал белгилүү кинорежиссер Бекеш Абдылдаевдин жубайы болгон. 

Маалыматка караганда, маркумдун сөөгү 8-ноябрь күнү жерге берилет.