Радио

Токтосунов: медиа кызматкерлери журналисттик чеберчиликтен аксап турат

Белгилүү теле алып баруучу Олжобай Токтосунов кыргыз журналистикасы 1980-1990-жылдары гүлдөгөнүн айтты.
Sputnik
Токтосунов: медиа кызматкерлери журналисттик чеберчиликтен аксап турат

Кайсы теманы коомчулукка алып чыгып жатканын билбеген журналисттер да бар. Бул туурасында Олжобай Токтосунов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы медиа кызматкерлери журналисттик чеберчиликтен аксап келет.

"Бүгүнкү күндө иштеп жаткан журналисттер технологияны өздөштүрүү боюнча бизден бир кадам алдыда турат. Мына ушул нерсе менен алдыга озуп кетти. Мурда биз эфирге чыга турган бир маалыматты китепканадан эки күн издесек, ал эми учурда журналисттер өтө аз убакыттын ичинде интернеттен баарын таап алат. Биздин убакта үч киши жасаган жумушту азыр бир киши жасайт. Тележурналист сюжетти өзү тартып, өзү монтаждап, өзү эфирге кетирип калды. Бул, албетте, жакшы жетишкендик. Бирок ошол эле учурда азыркы медиа кызматкерлери журналисттик чеберчиликтен аксап турат. Мыкты журналисттердин саны аз. Айрымдар өзү алып чыгып жаткан теманы өзү билбейт. Бул нерсе өзгөчө шоу-бизнес тармагында иштеген басма сөз кызматкерлерине тиешелүү", — деди ал.

Токтосунов журналист башкалардын жеке жашоосуна ашыкча кийлигишпеши керектигин кошумчалады.