БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Өзбекстанда таштандылардан бөлүп алган газдан электр энергиясын иштеп чыгаруу боюнча долбоорду Sejin G&E деп аталган түштүк кореялык компания ишке ашыра баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетине шилтеме берип Sputnik Өзбекстан жазды.
Электр энергиясын иштеп чыгаруу үчүн Ташкент облусундагы "Ахангаран" жана "Майдонтол" полигондорундагы таштандыдан алынган газ колдонулат.
Долбоордун негизги максаты — Ташкент облусунун экологиялык абалын жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртуу.
Sejin G&E компаниясы бул аймакта 100 пайыз чет элдик капитал менен ишкана ачып, 2018-2020-жылдары 55 миллион доллар инвестиция тартууну пландап жатат.
Эки полигондо бардыгы болуп жалпы кубаттуулугу 16 МВттык 12 генератор орнотулган.