Билим берүү сапаты, мугалимдердин айлыгы
— 2016-жылдан бери министрликти жетектеп келе жатыптырсыз, бул жылдар аралыгында системада кандай реформалар жасалды?
— Билим берүү тармагында тез эле реформа жасай калуу мүмкүн эмес. Мектепке чейинки билим берүүдөн кесиптик билим берүүгө чейин системалуу түрдө караш керек. Натыйжасы бир-эки күндүн ичинде эле чыгып калбайт.
Жаңы окуу китептерин дагы чыгарып жатабыз. Быйылкы окуу жылында 5-6-класстарды китеп менен толук камсыз кылсак, 7-8-9-класстардын окуу куралын чыгарууга сынак жарыяладык. Бизде окуу китептерин жазган жакшы авторлор жетишсиз экен. Ошондой эле басмаканалардын сапаты да көңүл жылытарлык эмес.
Жаңы окуу китептериндеги ката үчүн коомчулукта бир топ сөздөр айтылып жатат. Бирок бул окуу куралдарынын чыгып жатышы — Кыргызстандагы масштабдуу, маанилүү, ири долбоор. Убагы келгенде баа берилет деп ишенем.
Ошондой эле былтыр Кыргызстан боюнча аймактарда 120 кыска мөөнөттүү бала бакча ачтык. Ал Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында уюштурулду. Бюджет тартыш болгондуктан Кыргызстанга кыска мөөнөттүү бала бакча ылайыктуу экен. Мындан сырткары, акырындык менен билим берүү системасын PISA — эл аралык баалоо программасына өткөрүп жатабыз.
— Эмне болгон программа, артыкчылыктары тууралуу айтып берсеңиз?
— Баалоо программасы (PISA) мыйзамга киргизилген өзгөртүүнүн негизинде былтыртан баштап иштеп баштады. Баалоо системасында мурдагыдай комиссия түзүлүп, алар мектептерди түрө кыдырып текшербейт.
Санкт-Петербургдан алган тажрыйба боюнча баалоо системасы үч этаптан турат. Биринчи — ар бир мектептин статистикалык маалыматын (окуучу, мугалимдердин саны, мугалимдердин квалификациясы, материалдык-техникалык базасы) чогултабыз. Аны мектеп администрациясы бизге онлайн түрүндө жөнөтөт.
Экинчи этапта биз мектептеги билим берүү сапатын баалайбыз. Анда жалпы тестирлөөнүн жыйынтыгы, олимпиадаларга катышып андан кандай орундарды жеңгени жана суицид сыяктуу маселелер дагы эске алынат.
— Сиз министр эмес, ата-эне катары Кыргызстандын билим берүү сапатына канааттанасызбы?
— Бул суроого так кесе жооп бере албайм. Көйгөйлөр, кемчиликтер бар, бирок ийгиликтер да жок эмес. Муну комплекстүү караш керек.
— 2000-жылдардын ортосунда мурдагы тышкы иштер министри Эднан Карабаев ошол кездеги мыкты окуган окуучуну 80-жылдардын "үчкө" окуган баласына салыштырыптыр. Азыркы бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлине сиз кандай баа берет элеңиз?
— Бул суроого дагы бир багытта жооп бере албайм. Анткени мындан 10 жыл мурун билимге болгон талап таптакыр башкача болчу. Мурда баланын билими эле каралса, азыр анын ой жүгүртүүсүнө, логикасына да басым жасалат.
— Жогоруда жаңы чыккан окуу китептер тууралуу да айтып кеттиңиз. Андагы каталар коомдо бир топ талаш-тартыш жаратып жатат. Ага ким жооптуу?
— Китептеги каталар үчүн окуу куралдарын басып чыгарган басмакана жооптуу. Анткени алар менен түзүлгөн келишимде редактор, корректор сыяктуу ката текшерген адистерди басмакана алышы керек болчу. Министрликте андай штат каралган эмес. Мен ар бир китепти карандаш менен текшерип отура албайм да. Билим берүү академиясы болсо китептин мазмуну билим берүү стандарттарына туура келеби, жокпу, ошону гана текшерет. Бул каталар үчүн биз басмакананы сотко беребиз деп айттык.
— Катасы менен чыгып кеткен китептерди эмне кыласыңар?
— Азыр эки китеп боюнча ушундай маселе бар. Каталарды басмакана оңдогондон кийин китептер колдонууга берилет.
— Министрлик "Окуучулар үчүн мыкты 100 китеп" деген жакшы долбоор баштап жатыптыр. Бул боюнча да айта кетсеңиз…
— Долбоордун негизги максаты — балдарды китеп окууга үндөө. Анда мектеп окуучулары үчүн 100 мыкты адабий китептин тизмеси түзүлөт. Идеяны Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев сунуштаган. Тизмени дагы кылдаттык менен түзүш керек экен. Мындан улам атайын жумушчу топ түзүлдү. Алар баарын даяр кылгандан кийин адабий чыгармалардын тизмесин коомдук талкууга коебуз.
— Билим сапаты тууралуу сөз кылып калдык. Улуттук статистика комитетинин иликтөөсүндө, Кыргызстанда эң аз айлыктын ээси мугалимдер экен. Билим сапаты мугалимдердин айлык маянасына дагы байланыштуу болуп жүрбөсүн. Эмне себептен мугалимдердин эмгеги бааланбайт?
— Эмгек жолуңузду мугалим болуп иштөө менен баштаптырсыз. Сыр болбосо ал кезде канча айлык алчу элеңиз? Айлыгыңыз өзүңүзгө жетчү беле?
— Чынын айтсам, эсимде жок. Анын үстүнө рубль менен алчубуз да. Бирок стипендиям эсимде. Жакшы окуганым үчүн эң жогорку 60-80 рубль стипендия алчумун. Ал кезде бул акча көп эле болчу.
Ата-энелер фонду, мектеп жетекчилер, ротация маселеси
— Мектепте ата-энелер взносу деген да бир көйгөйлүү маселе бар. Ата-энелер фондуна түшүп жаткан акчаны министрлик көзөмөлдөйбү? Ал канчалык негизде мыйзамдуу?
— Бизде коммерциялык эмес уюмдар боюнча мыйзам бар. Бул мыйзамдын негизинде ата-энелер фонду коомдук уюм түзүп, взнос уюштурса болот. Бирок мындай фонддор ата-энелердин гана каалоосу менен түзүлүшү шарт. Мектеп жетекчилиги же мугалимдердин буга тиешеси болбошу керек. Фонддун акчасы кайда кетип жатканын министрлик көзөмөлдөбөйт.
— Мындай фонддорду жоюп салса болобу?
— Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизиш керек.
— Ата-энелердин айтымында, взноско деп көбүнчө мектептин ремонтуна акча сурашат экен. Негизи мамлекеттик бюджеттен мектептин ремонтуна акча бөлүнөбү?
— Бюджеттен жыл сайын Кыргызстандын бардык мектептеринин ремонтуна 100 миллион сом каралат. Бирок бул каражат эч нерсеге жетпей калат. Ошондуктан ата-энелер фонду түзүлүп, мектептерге жардам берүүдө.
— Мектеп жетекчилери боюнча да нааразычылыктар көп. Кээ бир мектепти 20 жылдан бери башкарып, бутуна турган жетекчилер бар экен. Негизи мыйзам боюнча жетекчи мектепти канча жылга чейин башкара алат?
Жакында эле биз Жогорку Кеңешке мектеп жана бала бакча жетекчилеринин жаш курагына чектөө (65 жашка чейин) коюу боюнча сунуш киргиздик. Анткени азыр технология өнүгүп жаткан мезгил, жетекчилик кызматка дагы жаш кадрларды тартыш керек.
— Мектеп жетекчилери ротация кылына баштады. Буга кандай карайсыз?
— Ротация боюнча жеке позициям бар. Билим берүү системасында ротация натыйжалуу болоруна мен көп деле ишенбейм. Анткени билим берүүдө жыйынтык тез убакыттын ичинде эле чыга калбайт. Жетекчинин ишмердүүлүгүн баалоо системасы менен караган жакшы. Мен жогоруда айтып кеткендей, эгер мектеп аккредитациядан өтө албай калса, анда мектеп жетекчисинин жакшы иштебей жатканынан кабар берет, ошондо ага чара көрүп кызматтан алса болот. Бирок жакшы иштеп жаткан жетекчини алып, анын ордуна начар иштеп жаткан жетекчини коюу туура эмес деп ойлойм.
— Өлкөдө, анын ичинде Бишкекте мектеп жетишсиз, бир класста 60тан бала окуп жатат. Бул маселе качан, кандай жол менен чечилет?
— Бул көйгөй бир эле Бишкекте эмес, Чүйдө дагы бар. Бишкек шаарында учурда 97 муниципалдык мектеп иштеп жатат. Акыркы беш жылда балдардын саны миграциядан улам 18 пайызга өстү. Билим берүү башкармалыгы менен анализ кылып көрсөк, учурда үч смен менен окуган 22 мектеп бар экен. 800 балага ылайыкташкан мектепте 3000дей окуучу билим алып жатат. Бул маселе боюнча мамлекет башчысына кайрылганбыз, анда ал "жергиликтүү бийлик менен көйгөйдү кантип чечсе болорун ойлонуп сунуш киргизгиле" деди. Менин оюмча, бала батпай жаткан мектептердин айланасында бош участок болсо, кошумча корпус салган эле оң. Бишкекте мектеп сала койгонго жер маселеси да оңой менен чечилбейт.
— Нормадан ашык окуучулар кандай негиз менен кабыл алынып жатат?
— Шаарда калктын, анын ичинде балдардын саны да өстү. Эгер мектептеги орундун санына карап кабыл алынса, көп бала окубай калат. Негизи өкмөттүн жобосуна ылайык, ар бир мектептин өзүнө тиешелүү микроучастогу болот, алгач ошол жакта жашагандарды алат. Ушундай башаламандык болбош үчүн бала бакчалар сыяктуу мектептерге дагы электрондук каттоо менен кире турган долбоор иштеп чыгып жатабыз. Буюрса, быйылкы окуу жылынын аягына чейин бүтүрүп, кийинки окуу жылы пилоттук долбоор катары байкап көрөбүз. Анда ар бир мектепке бала электрондук каттоонун негизинде алына баштайт. Долбоордун шарт-талабын кийинчерээк маалымдайбыз.
ЖОЖдогу окуу акысы
— Жогорку окуу жайлардын саны да, андагы окуу акысы да көбөйүүдө. Билим акысын жогорку окуу жайлар өздөрү бекитеби?
— Мурда Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен биргелешип коюшчу. Азыр окуу акысын ар бир окуу жай өзү эле бекитип калган.
— ЖОЖдордогу окуу акысынан (контракт) түшкөн каражат кайда жумшалат? Канча пайызы мамлекеттин эсебине түшөт?
— Мамлекеттин эсебине түшпөйт. Мыйзам боюнча окуу акысынан түшкөн каражат акы төлөп окуп жаткандарга жакшы шарт түзүп берүүгө багытталыш керек.
— Азыр таш ыргытсаң, юрист менен экономисттин башына тиет. Министрлик ЖОЖдогу экономика, юридикалык факультеттерди азайтып, техникалык кесиптерди көбөйтүү маселесин караштырып жатабы?
— Беш-алты жыл мурун чындап эле юрист менен экономисттер көбөйүп кеткен. Азыр бул тенденция азайды. Бүтүрүүчүлөрдүн көбү кийин жумушу жок каларына көзү жетип, керектүү адистиктерди тандай баштады. Статистика боюнча учурда 78 пайыз адам алган кесиби боюнча иштейт экен. Бул жакшы көрсөткүч.
Мектептеги ысык тамак
— Жакында мектептеги ысык тамак боюнча эл аралык форумга катышып келдиңиз. Башка мамлекеттердин тажрыйбасын көрсөңүз керек?
— Бул форум Тунисте өттү. Ал жакка жөн эле барган жокпуз. Учурда Кыргызстандын мектептеринин 55 пайызында гана ысык тамак уюштурулган. 45 пайызында булочка менен эле сүт берилет. Тунисте калган 45 пайызына да ысык тамак уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик.
— Айрым ата-энелер мамлекеттик бакчалардагы тамак-аштын менюсу өтө жупуну, эти аз, жашылча-жемиш дээрлик жок деп айтып келишет. Бакчалардын дагы тамак рационун жакшыртуу тууралуу пландар барбы?
— Туура, аны биз дагы ойлонуп жатабыз. Мектептерге да, бакчаларга да улуттук тамак-аш программасын киргизүү тууралуу пландар бар. Кыргызстанда өндүрүлгөн жер-жемиштер витаминге бай, арзан дагы. Балдарды бакчадан баштап тамак-аш маданиятына үйрөтүш керек. Бул боюнча учурда улуттук тамак-аш программасы иштелип жатат.
— Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова расмий иш-чараларда, мисалы, мектептин ачылышында же чоңдор келгенде окуучуларды тизип койгон көрүнүштөргө тыюу салабыз деп айтты эле…
— Балдарды министр же дагы бирөө келет деп тизип койгонго мен дагы каршымын. Аймактарга көп барабыз да. Барган сайын "кичине балдарды тизип койбогула, класска эле кирип учурашып чыгам" деп айтам. Мурдагы билим берүү министринин дагы "балдар коомдук иш-чараларга тартылбасын" деген буйругу бар. Эгер мындай көрүнүш катталып калса, эскертүү беребиз.
Министрдин жеке жашоосу
— Жеке жашооңуз тууралуу дагы кыскача собол узаталы. Туулган айылыңыз, бала чагыңыз, ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз?
— Бийликтеги айымдардын жолдошу тууралуу дагы билгиси келгендер көп…
— Балдарымдын атасы экөөбүздүн ажырашканыбызга көп жыл болду. Ал дагы кесиби боюнча мугалим.
— Мектеп курагында окуган балдарыңыз барбы? Кайсы мектепке барышат?
— Бир кыз, бир уулум бар. Мектепти бүтүшкөн, экөө тең үй-бүлөлүү. 3 жаштагы неберем бар.
— Үй жумуштарын жасаганга жетишесизби?
— Келин алсаң, колуң узарат дегендей, үйдө келиним бар болгондуктан көп деле үй жумуштарын жасабайм. Анын үстүнө бир эле күн дем алыш болот, жеке жумуштарды бүтүрүп, убактымды неберем менен өткөрөм.