БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Индонезиянын транспорттогу коопсуздук боюнча улуттук комитети австралиялык адистер менен биргеликте кулап түшкөн Boeing 737 учагынын кара ящигиндеги маалыматтарды алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Detik порталына таянуу менен билдирди.
Анда учактын акыркы 69 саат ичиндеги бардык маалыматтары жазылып калган.
Lion Air авиакомпаниясына таандык Boeing 737 учагы 29-октябрда Жакартадан учуп чыккандан кийин 13 мүнөттөн соң Суматрага жакын жердеги аралдардын бирине кулап түшкөн. Учактын калдыктары 30-40 метр тереңдикке чөгүп кеткен.
Авария эмнеден улам болгону аныктала элек. Кырсыктаган учак 2018-жылы өндүрүштөн чыгып, августтан тарта каттамдарга чыга баштаган. Индонезиялык куткаруучулардын маалыматы боюнча кырсыктан эч ким тирүү калган эмес. Учактын ичинде 189 жүргүнчү болгон.