Бишкекте мода жумалыгы менен форум өтөт

Иш-чаранын алкагында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен форум уюштурулат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бишкекте 7-ноябрдан 16-ноябрга чейин тигүү өнөр жайына арналган Kyrgyz Textile & Clothing Week 2018 мода жумалыгы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Анын алкагында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен жогорку деңгээлдеги форум уюштурулат.

Соодалашкан байларга чапанды бекер эле карматам. Дизайнер Сариева менен маек
Маалыматта 7-ноябрдан 11-ноябрга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда жергиликтүү тигүүчүлөрдүн колунан чыккан кийимдердин көргөзмө-жармаңкеси өтөрү айтылды.

Ал эми 13-ноябрдан 16-ноябрга чейин "Жаннат" мейманканасында мода жумалыгы уюштурулат. Анын алкагында жаш дизайнерлердин The Next Fashion, өндүрүш компаниялары үчүн Fashion Brand конкурсу өтмөкчү.

Ошондой эле текстиль-тигүү тармагын өнүктүрүүгө арналган тегерек стол уюштурулуп, жергиликтүү тигүүчүлөрдүн экспорттук атаандаштыгын арттыруу тууралуу кеп болот.

Тегерек столдо айтылган бардык сунуш-пикирлер 16-ноябрда премьердин катышуусу менен өтө турчу форумда ачыкталат.