БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кытайда жүргүзүлгөн реформанын жыйынтыгында, акыркы 40 жылда 700 миллион киши жакырчылыктан чыккан. Бул тууралуу "Синьхуа" агенттиги жазды.
Эксперттердин баамында, 2018-жылдын аягына чейин Кытайдагы калктын 80 пайызы жакырчылыктан чыгат. Ал эми 2020-жылга карата калктын басымдуу бөлүгү орто жашагандардын катарына кирет. Учурда Кытайда 30 миллион киши өтө жакыр жашайт.
Ал эми Кыргызстанда жакыр жашагандардын турмушун жакшыртуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын материалдан окуңуздар.