Пакистанда "Талибандын атасы" өлтүрүлдү

Анын сөөгү өз үйүнөн табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-нояб. — Sputnik. Диний ишмер, Пакистандын сенатынын мурдагы мүчөсү Сами аль-Хак 2-ноябрь, жума күнү кечинде киши колдуу болду. Ал "Талибандын атасы" деген лакап ат менен белгилүү болуп келгенин Daily Pakistan басылмасы анын баласынын маалыматына таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, Сами аль-Хактын сөөгү анын Равалпин шаарындагы өз үйүнөн табылган. Ага белгисиз адамдар ок чыгарган.

Сами аль-Хак "Талибандын атасы" деген лакап атын "Талибан" кыймылынын негиздөөчүсү Мухаммад Умар менен болгон тыгыз байланышынан улам алган.