"90 жылдыкка 90 көркөм өнөр": Ошто Айтматовдун юбилейи белгиленет

Ош шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси эки күн өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Ош шаарында 2-3-ноябрда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейи белгиленип, илимий-тажрыйбалык конференциядан тарта улуттук оюндардын сынагы өткөрүлөт. Бул туурасында Ош мэриясынан кабарлашты.

Маараке 2-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде залкар жазуучунун чыгармачылыгына арналган илимий-тажрыйбалык конференция менен башталат.

Айтматовдун урматына коллекциялык тыйын чыкты. Сүрөтү окшошот бекен?
3-ноябрда Ош шаары жана Ош облусунун "90 жылдыкка 90 көркөм өнөр" деп аталган көркөм сүрөт, скульптура, графика көргөзмөсү жана айыл чарба жарманкеси болот.

Ош облустук улуттук драма театрында Айтматовдун 90 жылдык юбилейине арналган чыгармачылык көргөзмө жана театралдаштырылган эскерүү кече өтөт. Ушул эле күнү Ош облустук ат майданында саат 15:00дө "Жаныбарым Гүлсары!" аттуу Көк бөрү, Ат чабыш, Кыз куумай, Жорго салыш улуттук оюндарынын сынагы болот.

2018-жылы Кыргыз Эл жазуучусу, классик, залкар калемгер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы масштабдуу белгиленип жатат. Юбилей эл аралык уюмдардын алкагында да белгиленип, Айтматов боюнча бир топ форумдарды, конференцияларды өткөрүү пландалган.