Көк бөрү чемпионаты: жарым финалда төрт облустун улакчылары беттешет

Бүгүнкү оюндардын жүрүшүндө Нарын, Талас, Чүй облустарынын командалары жеңишти камсыздады.
Sputnik

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Көк бөрү боюнча өлкө чемпионатынын жарым финалчылары аныкталды. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүнкү оюндардын жыйынтыгында Ош облусунун улакчылары Нарындын оюнчуларын 8:1 эсебинде жеңди.  Таластан барган көк бөрүчүлөр Ысык-Көл облусунун командасын 7:1 упай менен утса, Чүй командасы Ош шаарынын улакчыларын 12:3 эсеби менен жеңди.

Көк бөрү боюнча өлкө чемпионатына Ниязовдор катышпай калды. Себеби
Эми эртең, 1-ноябрда жарым финалдык оюндар өткөрүлмөкчү. Эреже боюнча анда өз тайпасынан (үч тайпадан) оозуп чыккан командалар ойнойт.

Ал эми үч тайпадан II орунду алгандар өз ара беттешип, төртүнчү жарым финалистти аныкташты. Анда Жалал-Абад, Бишкек жана Ысык-Көл командалары өз ара  беттешип, аягында Ысык-Көл командасы артыкчылык көрсөттү. Берки экөө жеңилип, оюндан чыкты.

Натыйжада саат 14.00дө Чүй менен Талас, 15.30да Ош менен Ысык-Көл облустарынын командалары оюн талаасында кездешмей болду.