Австралияда күйөөгө тие турчу кыз курбуларына көйнөк кийүүгө тыюу салды

Кыздын мындай кылыгы социалдык тармакта кызуу талкуу жараткан.
Sputnik

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Австралияда күйөөгө тие турчу кыз курбуларын тойго эркектердин костюмун кийип келүүгө аргасыз кылганын Daily Mail басылмасы билдирди.

Улуу Британияда 100 жаштагы кемпир турмушка чыкты
Ага ылайык, болочоктогу келин Facebook баракчасына тойго келгендердин бардыгы ага суктангыдай сулуу болгусу келгенин жазган. Бул билдирүүсү интернет колдонуучулар арасында түрдүү пикирлерди жараткан. Айрымдары кызды колдосо, кээ бири "ушундай кантип болсун" деп жемелеген.

Бир катар кыздар комментарийге үйлөнүү тоюнда дос кыздарын денесин көрсөтпөгөн узун көйнөк кийип келүүсүн талап кылышканын жазган.

Ал ортодо кыргызстандык интернет колдонуучулар тойдо келинди жамбашка тепкен эркектин кылыгын кызуу талкууга алышты.