УКМК: Илмиянов тергөө органдары менен активдүү кызматташууда

Көрсөтүлгөн акча каражаттарынын келип чыгышы жана сарпталышы боюнча бардык жагдайлар такталып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов тергөө органдары менен активдүү кызматташууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

"Азыркы учурда мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө уланууда. Тергөө иштери ар тараптуу жана объективдүү жүргүзүлүп жатат. Көрсөтүлгөн акча каражаттарынын келип чыгышы жана сарпталышы боюнча бардык жагдайлар такталууда. Белгилей кетүүчү нерсе, тергөөдө Илмияновдун акча каражатын алгандыгы боюнча жетишерлик далилдер бар", — деп айтылат маалыматта.

КСДП Илмияновдун кармалышы тууралуу: ал эч кимден качкан эмес
Белгилей кетсек, буга чейин УКМК былтыр 8-августта президенттик шайлоо штабдын башчысынын орун басары Илмиянов "Дизел комплект" аттуу компаниядан 150 миң долларды демөөрчүлүк жардам катары алган деп билдирген.

Өз кезегинде Кыргызстан социал-демократиялык партиясы президенттикке бир добуштан Сооронбай Жээнбековду көрсөткөндүктөн шайлоого байланыштуу бардык иштерди президенттикке талапкер менен анын штабы чечкенин маалымдаган. Андан сырткары, финансылык документтер Жээнбековдун штабы менен БШКда болорун, андыктан бардык суроолорду ошолорго узатып, жооп алса болорун билдирген.