Пакистан президенти уулун ала албай жаткан кыргыз келиндин ишин карамай болду

Ариф Алви Кыргызстан президентин ыңгайлуу учурда Пакистанга визит менен келүүгө чакырды.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Пакистандын президенти Ариф Алви менен жолукканда Кыргызстан жараны Айылчиеванын жашы жете элек уулун кайтарып берүү тууралуу маселе козголду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

1 / 3
Президент Сооронбай Жээнбеков Пакистандын президенти Ариф Алви менен жолукканда Кыргызстан жараны Айылчиеванын жашы жете элек уулун кайтарып берүү тууралуу маселе козголду
2 / 3
Ариф Алви Кыргызстандын жараны Айылчиеванын кайрылуусун жеке көзөмөлүнө ала турганын жана Пакистандын аймагында чет өлкөлүк жарандардын укуктарынын бузулушуна жол бербестигин баса белгиледи
3 / 3
Мекенине кайтып келери менен Пакистандын ички иштер министрлигинин башчысын чакырып, ага тийиштүү тапшырмаларды берерин айткан.

Эске салсак, бүгүн Жээнбеков Түркиянын негизделишинин 95 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн Стамбул шаарына келген. 

Кыргызстанга Нурсултан Назарбаевдин келиши күтүлүүдө
Ариф Алви Кыргызстандын жараны Айылчиеванын кайрылуусун жеке көзөмөлүнө ала турганын жана Пакистандын аймагында чет өлкөлүк жарандардын укуктарынын бузулушуна жол бербестигин баса белгиледи. Мекенине кайтып келери менен Пакистандын ички иштер министрлигинин башчысын чакырып, ага тийиштүү тапшырмаларды берерин айткан. 

Жээнбеков жогору маселеден сырткары Ариф Алви менен эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин талкуулады. 

Өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү максатында Пакистан лидери Бишкек-Исламабад түз авиакаттамын ачууну жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана талкуулоо үчүн бизнес өкүлдөрүнүн өз ара иш сапарларын уюштурууну сунуш кылды.

Жээнбеков Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлор үчүн абдан эле либералдуу мыйзамдар бар экенин белгиледи.