Цирктеги арстан үч жашар наристеге кол салып, сахнага сүйрөп чыкты. Видео

Аталган факты боюнча "коопсуздук талаптары так аткарылбаган кызмат көрсөтүү" беренеси боюнча цирк жетекчилигине кылмыш иши козголду.
Sputnik

Интернетте цирктеги арстан үч жашар кызга кол салган видео тарады. РИА Новости агенттигинин билдиргенине караганда, окуя Краснодар аймагындагы айылдардын биринде болгон.

Баткенде кутурган карышкыр беш кишиге кол салды
Видеодон көчмө цирк шоу программасын тартуулап жатканда арстан жулкунуп барып, биринчи катарда отурган наристени тиштегенин көрүүгө болот.

Алгач колунан, андан соң башынан тиштелген кызды ооруканага жеткирип, дароо операция жасашкан. Учурда абалы туруктуу.

Аталган факты боюнча "коопсуздук талаптары так аткарылбаган кызмат көрсөтүү" беренеси боюнча цирк жетекчилигине кылмыш иши козголду.