Грузияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтөт

Талапкерлердин бири да добуштардын 50 пайыздан ашыгын ала алган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Грузиядагы президенттик шайлоодо талапкерлердин бири дагы добуштардын 50 пайыздан ашыгын ала албагандыктан экинчи тур өтөт. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Грузиянын борбордук шайлоо комиссиясына таянуу менен маалымдады. Учурда добуштардын 98,25 пайызы эсептелди.

Армениянын премьер-министри элден кечирим сурап, кызматынан кетти
Шайлоого катышкан эркин талапкер Саломе Зурабишвили 38,6 пайыз добуш алса, оппозициядан көрсөтүлгөн Григол Вашадзе 37,75 пайыз алды. Эми президенттик шайлоонун экинчи туру расмий жыйынтык жарыялангандан кийин эки жумадан кеч эмес мөөнөттө өтүшү кажет.

Ушул жекшемби күнү Грузияда президенттик шайлоо өттү. Өлкөнүн мыйзамы боюнча президент алты жылга шайланат. Жалпысынан шайлоочулардын 46,74 пайызы гана добуш берген.

Ал эми шайлоо өнөктүгүнө 25 талапкер катышкан. Негизги атаандаш катары ТИМдин мурдагы жетекчиси Саломе Зурабишвили менен экс-президент Михаил Саакашвилинин үзөңгүлөшү Григол Вашадзе саналган.

Грузияда эл президентти акыркы жолу тандап жатат. Эми 2023-жылдан тарта өлкө башчысын 300 делегат гана шайлайт.