Бишкекте 76-театр сезону "Саманчынын жолу" менен ачылат

Иш-чара Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Борбор калаада 76-театр сезону ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Асанбаева: "Айтматов жана театр" эл аралык фестивалы өтөт
Билдирүүгө ылайык, жаңы сезон 17-ноябрда Опера жана балет театрында башталат. Анда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде даярдалган композитор Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу" балет-ораториясы коюлат.

Иш-чара Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына карата өткөрүлмөкчү.