Айтматовдун урматына коллекциялык тыйын чыкты. Сүрөтү окшошот бекен?

Жез менен никелдин аралашмасынан жасалып, 5 миң даана чыккан. Салмагы 25 грамм, наркы 700 сом.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Улуттук банк 29-октябрдан тарта "Тарыхый окуялар" сериясынан "Чыңгыз Айтматов — 90 жыл" коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. Бул туурасында аталган банктын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине арналган. 

Выпуск коллекционной монеты "90-летие Чингиза Айтматова"

Айтматовдун урматына чыккан тыйындагы сүрөтү купулуңузга толдубу?Ооба, жакшы болуптурОоба, бирок көздөрү окшобой калыптырЖок, Айтматов эмес эле башка бирөө го!Мага баары бир, китептерин окусам эле болду
Монетанын алдыңкы бетине Айтматовдун сүрөтү жана жазуучунун кол тамгасы түшүрүлгөн. Монетаны тегерете "Чыңгыз Айтматов – 90 жыл" / "Chingiz Aitmatov – 90 years" жазуусу орун алган. Ал эми оң тарабында тыйындын номиналы көрсөтүлгөн.

Монетанын арткы бетинин жогорку бөлүгүнө Кыргызстандын герби түшүрүлүп, Айтматовдун чыгармасындагы ак кеменин жана бугу эненин элеси тоолордун жана Ысык-Көлдүн сөлөкөтүнүн алкагында чагылдырылган. Ал эми төмөн жагында монетанын чыккан жылы көрсөтүлгөн (2018).

Ар бир монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сертификаты менен өзүнчө кутучага таңгакталган.

Жез менен никелдин аралашмасынан жасалып, 5 миң даана чыккан. Салмагы 25 грамм, наркы 700 сом.

Учурда Кыргызстанда жана дүйнөнүн бир топ жерлеринде Айтматовдун 90 жылдыгы кеңири белгиленип жатат.