Радио

Субаналиева: "Делбирим" тасмасынын бет ачар аземи 6-декабрда болот

Кинематография департаментинин кинематографияны өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси Айсулуу Субаналиева өлкөдө Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган иш-чаралар байма-бай өтүп жатканын айтты.
Sputnik
Субаналиева: "Делбирим" тасмасынын бет ачар аземи 6-декабрда болот

Чыңгыз Айтматовдун элесине арнап кыргыз-өзбек эли биргелешип тарткан "Делбирим" тасмасынын бет ачар аземи 6-декабрда өтөт. Бул тууралуу Айсулуу Субаналиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган тасма эки өлкөдө тартылган.

"Делбирим" тасмасынын жарымы Өзбекстанда, жарымы Ысык-Көлдө тартылды. Учурда монтаждоо иштери жүрүүдө", — деди Субаналиева.

Ал Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Кыргыз фильм" киностудиясынын планында бир толук метраждуу көркөм тасма, бир толук метраждуу даректүү тасма жана бир кыска метраждуу даректүү тасма тартуу каралганын кошумчалады.