Жаштык кылып койдум... Балбан Жоламан Шаршенбеков менен эксклюзивдүү маек

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медаль ээси Жоламан Шаршенбеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине эксклюзивдүү маек курду. Ал спорттогу ири бурулушу, жеңиштен кийинки сезимдери, үй-бүлөсү, машыктыруучусу жөнүндө айтып берди.
Sputnik

Белгилей кетсек, Шаршенбеков чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган экинчи кыргыз балбаны. Биринчи жолу 2006-жылы Канатбек Бегалиев экинчи орунга ээ болгон.

19 жаштагы балбан грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, КРдин көп жолку чемпиону. Быйыл февралда Бишкекте өткөн күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатында күмүш байге алган. Кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатында коло (2016), жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында (2017) күмүш медаль тагынган.

— Жоламан, азаматсың! 12 жылдан кийин тарыхты жаңыладың. Өзүң кандай абалда болуп жатасың, сезимдериң менен бөлүшө кетсең?

— Рахмат. Маанайым жакшы. Жараткандын буйругу… эч кайгырып, өкүнбөйм. Ушундай даражага жеткениме  шүгүр. Ата-энем, кыргыз элим сүйүнсө, ыраазымын.

Кыргызстанский борец греко-римского стиля, серебряный призер чемпионата мира среди взрослых в Будапеште Жоламан Шаршенбеков

— Финалга чейинки кармаштарда атаандаштарыңды көп  упай менен жеңип жаттың, сырттан караган кишиге  оңой көрүнүшү ыктымал. Кармашууларыңа жана сени менен чыккан балбандарга кандай баа бересиң?

— Дүйнө чемпионатына жөн спортчулар келбейт. Ар бири өз өлкөсүнүн мыктысы. Буйругу экен, күмүш мага ыйгарылды.

— Финалда биз сыяктуу сен деле алтын күткөнсүң… Негизги атаандашыңа багынып берүүгө эмне себеп болду деп ойлойсуң?

— Биринчи орунга абдан аракет кылгам. Катуу даярдандык. Жаштык кылдым, тажрыйбанын аздыгынан жеңилүү ызасын тарттым деп ойлойм. Буюрса, кийинки мелдештерде каталарымды түзөп, каршылаштарды жеңгенге аракетимди жумшайм.

— Сыйлык тапшыруу аземинде маанайың жок экенин көрдүм. Бирок бир четинен күмүш деле аябай сүйүндүрсө керек?

— Жооп берүү кыйын. Сөз менен жеткире албайм, тек гана аны сезиш керек го…

Чемпионате мира по борьбе среди взрослых в Будапеште

— Жеңишиңди алгач кимдер менен белгиледиң?

— Курама командадагы байкелер менен белгиледик. Азыр балдар толук күрөшүп бүтө элек. Бишкекке барганда дагы жакшылап майрамдайбыз деп ойлойм.

— Ата-энең ийгилигиңе жетине албай сүйүнүп жатса керек. Алар менен сүйлөшүп жатасыңбы, эмне дешти?

— Абдан ыраазы болушту. Алардын кубанганын угуп бактылуу болуп жүрөм.

— Дүйнө чемпионатына канча убакыт даярдандың?

— Спортко кадам таштагандан бери максат коюп, ой-санаам ушул болуп келген.

Чемпионате мира по борьбе среди взрослых в Будапеште

— Саяпкер мыкты болбосо күлүк чуркабайт дейт. Машыктыруучуң тууралуу кеп кылсаң?

— Өзүм борбордогу Раатбек Санатбаев атындагы спорт залда тарбияланам. Жеке машыктыруучум Хаким Махмудов мени он жылдан бери мелдештерге даярдап, насаатын айтып келет. Ошондой эле КРдин курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбеков менен жардамчысы Улукбек Карачолоковго ыраазычылыгымды билдирем.

— Эмне үчүн спортту, ошонун ичинен грек-рим күрөшүн тандап алгансың?

— Аганы көрүп ини өсөт демекчи, байкем Жанар Шаршенбеков  кичинекей кезимде спортко жетелеген. Азыркыга чейин чогуу машыгабыз.

— Эми алдыда кандай максаттар бар?

— Кыргызстанга тезирээк барып, ата-энемдин жылуу сөзүн угуп,  кубанычын көрүп, жанына барсам деп кыялданып турам. Андан кийинкисин көрө жатаарбыз.

— Үй-бүлө, бир туугандарың жөнүндө айтып берсең?

— Атам Назарбек Рысалиев жеке ишкер. Апам Гүлнара Жуманалиева борбордогу №5 компьютердик гимназияда математика мугалими болуп эмгектенет. Төрт бир тууганмын. Байкем жана эки карындашым бар.

Кыргызстанский борец греко-римского стиля Жоламан Шаршенбеков

— Спорттон тыш эмнеге кызыгасың?

— Жакын адамдардын арасында ырдап, бийлейм. Күрөштөн тышкары акробатика, теннис, футболго кызыгам.

— Соңку суроо болсун. Балбандардын арасынан Акжол Махмудов менен абдан жакын экениңерди билебиз. Кантип таанышып, дос болуп калгансыңар?

— Үч жыл мурда Көлдөгү машыгууларда таанышып, андан кийин мелдештерге чогуу болдук. Мага анын ыймандуулугу, жөнөкөйлүгү жагат, кыскасы, алтын бала!