Россияда эки кыргызстандык элди "Хизб ут-Тахрирге" үндөп жүргөнү үчүн соттолду

Соттун маалыматына караганда, алар Севастополдун аймагында "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" уюмунун идеологиясын жайылтып, башкаларды катарына кирүүгө үндөп жүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстандык эки киши террордук уюмдун катарына жай жарандарды чакырып, үндөгөндүгү үчүн күнөөлүү деп табылды. Бул туурасында Түштүк-Кавказ аймактык сотунан кабарлашты.

УКМК Кыргызстанда халифат түзүүнү каалаган эки кишини кармады
42 жаштагы А.А. жана 50 жаштагы Н. И. аттуу адамдарга Россиянын Кылмыш кодексинин 205.1. (террордук уюмга тарткандыгы үчүн) жана 205.5-беренелери ("Россияда террордук деп ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюмга катыштыгы болгон үчүн") боюнча күнөө тагылды.

Тергөөнүн маалыматына караганда, алар "Исламдык азаттыкка чыгаруу партиясы" — "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" уюмуна мүчө болуп, аны менен кошо Севастополдо идеологиясын жайылтып келген. Кыргызстандыктар аталган уюмдун 2003-жылдан бери террордук деп таанылып, РФ аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынганына карашкан эмес деп айтылат.

"Кармалгандар "Хизб ут-Тахрирдин" идеологиясын майда-чүйдөсүнө чейин окуп, атайын маалыматтарды алышкан. Аны менен кошо эле Конституцияга каршы ишке бара ала тургандарды издеп таап, катарына тартууга, үгүттөөгө үйрөнүшкөн", — деп айтылат маалыматта.

Мекендештерин сабап, тоноп жүрүшкөн. Москвада кыргызстандыктар кармалды
Соттун билдиргенине караганда, алар 2015-2016-жылдары үч кишини аталган уюмдун идеологиясына терең сугарып, "Бүткүл дүйнөлүк ислам халифатын" куруу зарылдыгына ынандырган. Мунусу менен ал адамдарды террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө катышууга тарткан.

2016-жылдын август айында кыргызстандыктар ФСБ тарабынна кармалган. 42 жаштагы жаран 15 жылга, ал эми андан улуурагы, 50 жаштагы киши 13 жылга эркинен ажыратылган. Сот аларды катуу тартиптеги абакка отурууга өкүм чыгарган.