Өлкөнүн кайсы аймагында никесиз балдар көп төрөлөт? Статистика

Чүй облусунда көз жарган ар бир үчүнчү аялдын паспортунда "никеси жок" деп жазылган. Бул өлкөдөгү эң чоң көрсөткүч.
Sputnik

БИШКЕК, 27-окт.— Sputnik. Кыргызстандын кайсы облусунда никесиз төрөлгөн наристелер көп экенин Улуттук статистика комитети аныктап чыкты.

Статкомдун маалыматына ылайык, 2017-жылы жарыкка келген ымыркайлардын 23 пайызынын энесинин паспортунда "никеси жок" деп жазылган.

Эң жогорку көрсөткүч Чүй облусунда катталып, ал жакта ар бир үчүнчү ымыркайды никеси катталбаган аял төрөгөн.

Эмчектеги балам менен көчөдө калдым. Кайын журту кууп чыккан келиндин арманы
Бишкекте төрөлгөн балдардын 26 пайызы ата-энесинин расмий никеси жок эле жарык дүйнөгө келишкен.

Андан кийинки орунда Ысык-Көл облусу турат. Бул аймакта төрөлгөн ымыркайлардын ичинен 24 пайызы "жалгыз бой" энеден туулган маалым болду.

Ош шаарында 23 пайыз аял расмий турмушка чыкпай эле көз жарса, Ош облусу менен Таласта бул көрсөткүч 22 пайызды түзгөн. Ал эми Жалал-Абадда 22 пайыз аял расмий никеге турбай көз жарган.

Нарын менен Баткен облусунда никесиз төрөлгөн балдар аз. Тоолуу аймакта 18 пайыз болсо, Баткенде 17 пайыз ымыркай никесиз жарык дүйнөгө келген.

Баса, Кыргызстанда эң көп айлык алган кайсы кесиптин ээси экенин билгиңер келсе, төмөнкү инфограммга көңүл буруңуздар.