Forbes журналы сериалдарга тартылып көп акча тапкан актрисаларды тизмектеди

Биринчи орунга татыган София Вергара 42,5 миллион доллар тапкан.
Sputnik

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik.Forbes журналы телесериалдарга тартылып көп акча тапкан актрисаларды тизмектеди.

Эсепке 2017-жылдын июнь айынан 2018-жылдын июнь айына чейинки убакыт алынган.

Тизменин сап башын жети жыл катары менен колумбиялык актриса София Вергара ээледи. Ал "Америкалык үй-бүлө" сериалына тартылып, 42,5 миллион доллар тапкан.

Экинчи орунда "Чоң жарылуу теориясына" тартылган Кейли Куоко турат. Ал 24,5 миллион доллар иштеп тапкан.

Жылына эң көп акча тапкан рэпперлердин тизмеси чыкты
Үчүнчү орунду "Кумар анатомиясы" шоусуна тартылган Эллен Помпео ээледи. Ал аталган убакыт аралыгында 23,5 миллион доллар киреше тапкан.

Алдыңкы ондукка "Мыйзам жана тартип: Атайын корпус" сериалындагы Маришка Харгитей, "Америкалык үй-бүлөгө" тартылган Жули Боуэн жана "Чоң жарылуу теориясындагы" Маим Бялик менен Мелисса Ройч кирди.

Forbes журналы буга чейин эң көп акча тапкан актерлордун тизмесин жарыялаган болчу.