Бишкекте жаңы бульвар курулат

Эс алуу жайы Масалиев көчөсү менен Айтматов проспектисинин кесилишинде жайгашат.
Sputnik

Борбор калаада жаңы бульвар пайда болорун шаардык муниципалитеттен кабарлашты. 

Эскизы нового бульвара в Бишкеке

Билдирмеге караганда, эс алуу жайы Масалиев көчөсү менен Айтматов проспектисинин кесилишинде жайгашат. 

Эскизы нового бульвара в Бишкеке

"Долбоорду "Бишкек башкы архитектура"  ишканасынын адистери иштеп чыкты. Бульвардын узундугу — 720, туурасы — 130 метр, жалпы аянты 7,36 гектарга жетет", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, борбор калаанын түштүк тарабына 100 миң адамды батыра турган район куруу пландалып келет. Аталган бульвар дал ошол аймакка тиешелүү болмокчу.