Жээнбеков кызматтан алган сотко кылмыш иши козголду

Элвира Жаркеева кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана туура эмес өкүм чыгарган деп айыпталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркеевага карата экинчи кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков сотторго: маселени ишке ашырмайын тынч уктайм деп ойлобогула!
Ага карата биринчи кылмыш иши ал 2016-жылы Свердлов районунун сотунда иштеп турганда мыйзамсыз өкүм чыгарган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп козголгон. Кылмыш иши козголгондон кийин президент аны кызматтан бошоткон.

Экинчи кылмыш иши дагы Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана 328-беренеси "Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу" боюнча козголду.

"2016-жылы 15-августта Элвира Жаркеева тараптарды катыштырбай туруп жарандык ишти Кытайдын жараны Ч.Ю. аттуу кишинин пайдасына чечип берип койгон. Ал ошондой эле А.Д. аттуу жарандын жазган арызын арткы дата менен каттаган. Ал ортодо айыпталуучуга "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал А.Д. аттуу жарандын акчасын алганы аныкталган. Бул кылыгы үчүн ал сыртынан айыпталып, издөө жарыяланган", — деп айтылат маалыматта.

Прокуратуранын версиясы боюнча, Жаркеева бардык жагдайларды тийиштүү түрдө текшербей, издөөгө алынган Ч.Ю. аттуу жаранды кылмыш жоопкерчилигинен куткаруу үчүн негизсиз өкүм чыгарган.

Кылмыш ишин иликтөө УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына берилди.