КР менен Түштүк Корея кылмышкерлерди экстрадициялоо боюнча келишимге кол коёт

Келишимге ноябрдын ортосунда кол коюлары пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Түштүк Корея кылмышкерлерди экстрадициялоо боюнча келишимге кол коёт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту.

Элвира Сурабалдиева: канкорлорду экстрадициялоого саясий эрк керек
Анда Жамшитов элчиге Башкы прокуратура кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам берүү боюнча келишимдин долбоору боюнча ички мамлекеттик процедуралар аяктаганын маалымдады. Ага ылайык, келишимге кол коюлуп калса мамлекеттер бири-бирине кылмышкерлерди жана соттолгон кишилерди бере алышат.

Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, буга чейин эки мамлекеттин ортосундагы келишим болбогондуктан экстрадициялоо боюнча фактылар болгон эмес.

Аталган келишимге ноябрь айынын ортосунда кол коюу пландалууда.