БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жаңы депутатына мандат берилди деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК).
БШКнын жыйынында "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акылбек Жамангуловдун депутаттык ыйгарым укуктары "Альфа-Телеком" ишканасына (MegaCom) жетекчи болуп кеткендиктен мөөнөтүнөн эрте токтотулду.
Анын ордуна депутаттык мандатка кийинки тизмеде турган Нурбек Тотонов ээ болду. Ал 41 жашта, Кыргызстандын оор атлетика боюнча федерациясынын президенти.