БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызстанда келе жаткан ишемби, жекшемби күндөрү, 27-28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
27-октябрда түндө 5…10 градус жылуу болсо, күндүз күндүн табы 23…28 градуска чейин жете тургандыгы айтылды.
Таласта түндө 3…8 градус жылып, күндүз 22…27 градуска чейин ысыйт.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түндө 5…10 градус жылуу, күндүз 23…28 градуска чейин жогорулайт.
Ысык-Көлдө түндө 1…6 градус жылуу болуп, күндүз 14…19 градус жылыйт.
Нарында түндө —1…-6 градус суук болуп, күндүз +14…+19 градуска чейин жетет.
Жекшембиде Чүй облусунда түндө 7…12 градус жылуу болуп, күндүз 18…23 градуска чейин көтөрүлөт.
Таласта түндө 5…10 градус жылып, күндүз 16…21 градуска чейин жогорулайт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түндө 7…12 градус жылуу болуп, күндүз 18…23 градуска дейре ысык болот.
Ысык-Көлдө түндө +2…+7, ал эми күндүз +16…+21 градуска жетет. Нарында түндө 0…-5 градуска чейин суук болуп, күндүз күндүн табы 16…21 градуска чейин жогорулайт.