Учкучтар жүргүнчүгө эч качан айтпай турган нерселерди ачыкташты

Дүйнөдөгү бир нече авиакомпаниянын учкучтары ымандай сырын төгүп берген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Учкучтар жүргүнчүлөргө эч качан ачыктабай турган нерселер жөнүндө Daily Mail агенттигине айтып беришти. 

Мисалы, айрым пилоттор кээде коно турган аэропортун оңой менен таппай кыйналарын мойнуна алышкан.

"Мындан тышкары, биз турбуленттик агымдын чындыгында кандай коркунучтуу экенин түшүндүрүп отурбайбыз. Кээде ушунчалык катуу силкинүүлөр болот, адам шыпка барып жабышып калышы мүмкүн. Ошондуктан орундукта коопсуздук курун тартынып отурууну гана сунуштайбыз", — деди Рон Вагнер аттуу пилот.

Арынов: эл кайсы авиакомпаниянын акыбалы кандай экенин ажырата билсе
Ал эми Air China компаниясынын учкучу самолетту террорчу туткунга алып алса дагы жүргүнчүлөргө айтпай эле коюуну туура көрөт.

"Анткени ошол учурда жарымы паникага алдырса, экинчи жарымы террорчу койгон бомбаны өз алдынча зыянсыздандырууга аракет кылат. Дагы бир-эки киши эшикти ачып, учактан секирип кетүүгө кам көрөт", — деди ал.

Жаш учкуч Энди Керр жүргүнчүлөрүнө алар уча турган лайнердин канчанчы жылы чыкканын айткысы келбейт.

"Менимче 25-30 жаштагы адам 1968-жылы курулган учакта учуп бара жатканын өзү деле билгиси келбесе керек", — деди Керр.

Мындан тышкары, учактын салону, дааратканасы эки каттамдын ортосунда өтө тар убакыт берилгендиктен жыйналбай деле каларын айткандар болду. Мисалы, тазалагандар таштандыларды жана кулакчындарды гана жыйнап кеткен учурлар бар экен.