Парламент Азамат Жаманкулов менен Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин колдоду

Эки талапкерди 105 депутат колдоп берди.
Sputnik

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Парламент Улукбек Кочкоровду эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри ал эми Азамат Жаманкуловду маданият, маалымат жана туризм министри кызматына бекитти.

Эки талапкерге жалпысынан 105 депутат "макул" деп добуш берди.

1 / 2
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров
2 / 2
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов

Белгилей кетсек, Улукбек Кочкоров буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты, ал эми Азамат Жаманкулов Туризм департаментинин жетекчиси болгон.