Замбия суунун айынан 2000 керикти жок кылганы турат

Түштүк Луангва паркы беш миң керикке ылайыкталганы менен 13 миң керик жашап жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Замбиянын бийлиги өлкө аймагындагы кериктер боюнча программаны жаңылап, эки миңге чукул жаныбарды жок кылганы турат. Бул туурасында Reuters агенттиги жазды.

Өлкөнүн туризм министри Чарльз Банда бул чечим Луангва дарыясындагы суунун азайып кетишинен улам болгондугун айткан. Аткаминер бул ири жаныбарларды башка өлкөгө ташып жеткирүү каражат жагынан чыгымды талап кыларын кошумчалаган.

Буйвол үйүрүнө кол салган арстандын айласын кетире кубалады
Түштүк Луангва паркы беш миң керикке ылайыкталганы менен 13 миң керик жашап жатканы айтылды. Банда бул өлкөнү экологиялык системасына терс таасирин тийгизээрин билдирген.

Замбия бийлиги кериктердин санын 2016-жылы кыскартууга камынганда, Улуу Британиянын Born Free кайрымдуулук компаниясы каршы чыккан. Адистер жаныбарларды тандап, мындай жол менен өлтүрүү, алардын кайра көбөйүүсүнө шарт түзөт деген пикирин билдиришкен.

Буга чейин интернет айдыңына Жер бетиндеги ак кериктин жалгыз эркеги өлүп калган сүрөтү тараган.