"Ак кула" ат майданы 50 гектар жери менен муниципалитетке толук өттү. Учурда андагы ат сарайларды өткөрүү боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Талант Иманакун уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйылкы жылдын эсебинен эки бала бакча жеке менчиктен кайтарылып алынган. Алардын бири болгон 5-кичирайондогу №180 бала бакча ачылуу алдында турса, экинчисинин териштирүү иштери бүтүп калды.
"Муниципалитетке таандык имараттардын менчикке өтүп кетүүсү өзгөчө бала бакчаларга тиешелүү. 2000-жылдан баштап ушул күнгө чейин Бишкек шаары боюнча 11 бала бакча кайтарылып, кайрадан колдонууга берилген. Ал эми быйылкы жылы да Октябрь районуна караштуу эки бала бакчаны кайтарып алдык. Мындан сырткары, "Ак кула" ат майданы эгемендик орногон жылдары жеке менчикке өтүп кеткен эле. Узак убакытка созулган соттук иштерден соң 50 гектар жери менен кайрадан муниципалитетке өткөрүп берилди. Учурда анда жайгашкан ат сарайларды өткөрүп алуу иштери жүрүүдө", — деди Иманакун уулу.
Ал мурда менчиктештирилген имараттарды кайра кайрып алуу процесси көп убакытты талап кыларын кошумчалады.