БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. УКМКнын тергөө абагында кармалган депутат Осмонбек Артыкбаевге тез жардам чакырылды. Бул билдирүүнү УКМКнын маалымат кызматы тастыктады.
Ага ылайык, Артыкбаевдин ден соолугу начарлап кеткен.
"Учурда абалы жакшы. Өзүн жакшы сезип калды", — дешти комитеттен.
Артыкбаев Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык иштердин алкагында кармалган.
Белгилей кетсек, жайында Артыкбаевдин жүрөгүнө операция жасалганы айтылган.