БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кытайда Гонконг, Макао жана Чжухай шаарларын байланыштырып, узундугу 55 чакырымга жеткен дүйнөдөгү эң узун көпүрө ишке берилди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Көпүрөнү куруу идеясы 1980-жылдары эле пайда болгон. Бирок аны ишке ашырууну Кытай бийлиги 2003-жылы гана колго алган.
"Негизи ал 2016-жылы колдонууга берилмек, бирок ар кандай коррупциялык иштер, бюджеттин кайра каралышы, кырсыктар ага тоскоол болуп келген", — деп жазылат макалада.
Көпүрөнүн суу үстүндөгү бөлүгүнөн тышкары, суу алды менен кеткен 6,7 чакырымдык тоннели бар.
Салмагы 400 миң тоннага жеткен көпүрө кытай элине 120 жыл кызмат кылары айтылды. Ошондой эле конструкция сегиз баллдык жер титирөөгө туруштук берери кошумчаланды.