Шаршембиев: Digital CASA аркылуу ар бир айылды интернетке туташтырабыз

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин түзүлгөнүнө эки жылдай болду. Мекеме бул убакыт аралыгында санариптештирүү жаатында ири долбоорлорго бел байлап, аларды ишке ашыруу менен алек.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аталган комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев менен маек куруп, бул тармактагы иштер жөнүндө баарлашты.

— Маегибизди ири долбоорлордон баштайлы. Сырттан каржыланган Digital CASA долбоорун ишке ашыруу үчүн 50 миллион доллар сарпталат экен. Бул эмне болгон долбоор жана учурда кандай жумуштар жасалууда?

Бишкекти кантип кулпуртса болот? Жаңы мэр Азиз Суракматов менен маек
— Digital CASA долбоорунун аркасы менен Кыргызстандын ар бир айылына оптикалык кабель менен интернет жеткирилет. Сапаты артып, интернеттин баасы арзандамакчы. Анын аркасында мамлекеттин электрондук кызматтары элге жеткиликтүү болот. Андан сырткары, маалыматтарды кайра иштетүүчү аймактык борбор куруу каралган. Мунун натыйжасында Digital CASA долбооруна катышкан коңшу Өзбекстан, Тажикстан, Пакистандагы жеке тараптар Кыргызстандагы Data борборлорго маалыматтарын сактоого шарт түзүлөт.

Долбоорду Дүйнөлүк банк каржылоодо, 50 миллион доллардын 25 миллиону насыя болсо, калган акча гранттык негизде берилет. Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет эки жылдан бери бир топ иштерди жасады. Келишимге Жогорку Кеңеш тарабынан уруксат берилип, 2-июлда Каржы министрлиги кол койгон. Ратификациядан 180 күндүн ичинде өтүшүбүз керек болгон. Жакынкы аралыкта Жогорку Кеңештин үч комитетинен өтсөк, каржылоо план боюнча ноябрь айында келе баштайт. 

Глава Госкомсвязи Бакыт Шаршембиев

— Digital CASA толугу менен сырттан каржыланып жаткандыктан айрым адистер мунун келечеги жок дешүүдө. Сиз буга эмне дейсиз?

— "Санариптик Кыргызстан" деп жатпайбызбы. Эгер Digital CASA ишке ашпаса, инфраструктура, маалыматтарды кайра иштетүү борборлору иштебейт. Ошондой эле алыскы аймактарга интернет жетпей, ал жактагылар мамлекеттик кызматтарды пайдалана албай калат. Бул долбоорго коңшу Өзбекстан, Тажикстан, Пакистан да бел байлаган. Айта кетчү жагдай, насыя катары келген акчаны мамлекет өзү албайт. Каражаттар жеке компанияларга берилип, кайра алар аркылуу төлөнөт.

— Комитеттин дагы бир 450 миң долларлык Оpen data долбоору бар экен. Бул кыргызстандыктарга эмне берет?

— Оpen data бизге өтө керектүү долбоор. Ачык өкмөт болгондуктан, чогулган маалыматтарды сактоо керек. Азыркы учурда пилоттук негизде 12 мамлекеттик органда жумуш жүрүп жатат. Алар электрондук форматка өткөндө электрондук порталга чыгат. Эң негизгиси, анын аркасы менен эл бийлик эмне иштерди жасап жаткандыгын биле алат. Демек ачыктык пайда болот.

— Калкка кызмат көрсөтүү жаатында бир топ иштер жеңилдейт деген "Түндүк" системасы боюнча аракеттер кандай?

— "Түндүк" системасына туташпаган мамлекеттик органдар маалымат менен электрондук түрдө алмаша албайт. Август айында акыркы планы бекитилди, 25 мамлекеттик орган кирген 190 кызматты көрсөтүү үчүн 76 электрондук базаны жасап иштетүү керек. Азыр биринчи жыйынтыктар чыгып, 11-октябрда мамлекеттик электрондук портал иштей баштады. Анын ичинде 10 мамлекеттик кызмат бар. Жылдын аягына чейин санын 45ке жеткирүүнү пландап жатабыз. Ушу тапта канча каражат керектиги такталууда. 

Глава Госкомсвязи Бакыт Шаршембиев

— Ага жалпы канча акча каралган?

— Негизи ага каралган эмес, жалпы бир жылга 14 миллион сом делген, бирок ал адистерге эле берилет. Ушул эле сумманы кийинки жылга да бөлүп берүү пландалган.

— Комитеттин андан сырткары ишке берилген чакан долбоорлору дагы бар экен. Эмнеге анын айрымдары бүтө элек?

Баатырбеков: шайлангандан кийин депутаттар этика курсунан өтсө
— Өткөн жылы "Таза Коом" программасынын кеңеши түзүлгөн. Анда алгач 18ге жакын долбоор бекитилген, кийин жыйындар өтүп, алардын саны 34кө жеткен. Анын айрымдарына акча каражаты каралса, дагы бирине бөлүнбөйт. Ошондуктан долбоорлор ар кыл этапта турат. Мисалы, "Электрондук чек ара", "Электрондук виза", "Электрондук тизме", "Электрондук киоск" сыяктуу долбоорлорду ишке бердик. 17си иштелип чыгууда, калгандарына акча издеп жатабыз. Быйыл бул иштерге бир миллиард сом каралган. Анын 500 миллиону бөлүштүрүлдү. Азыр калган сумманы эмнеге жумшоо керектиги эсептелүүдө.

— 2012-жылдан бери Чубактын кунундай чубалган "Коопсуз шаар" долбоорун сурабай кое албайм. Качан ишке кирет?

— Бул абдан жакшы долбоор, акырына чыгат деп ишенем. Сиздер деле билесиздер, долбоордун башы начар башталып калган. Бирок быйыл тендерлер мурдагыларга салыштырмалуу ачык өтүп аягына жетип калдык. Анткени комиссиянын курамына тажрыйбалуу көз карандысыз адистер кирди. Биздин план боюнча жыл аягына чейин "Коопсуз шаардын" техникалык жумуштары бүтүп, 1-январдан тарта иштеп баштамак. Ага чейин Юстиция министрлиги керектүү укук-ченемдик актыларды иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке киргизмек. Азыр ал иш токтоп калган жок. Буюрса жаңы жумушчу топ түзүп, экинчи тендерди өткөрөбүз. 

Глава Госкомсвязи Бакыт Шаршембиев

— Эми Кыргызстандагы IT компаниялар жөнүндө айта кетсек. Эмне себептен жергиликтүү компаниялар өлкөдөгү ири тендерлерде жеңүүчү болбой келет? Же алардын дарамети жетпейби? Мисалы биз жогоруда сөз кылган Оpen data долбоорун азербайжандык компания ишке ашырат экен…

РАЖ лидери Турускулов: Сапар Исаков элди алдап өзү билемдикке барган
— Биздин компаниялар сынакка катышып жатат. Бирок көрсөтө турган кызматынын баасы жогору. Болбосо алардын мүмкүнчүлүгү да, тажрыйбасы да жетиштүү. Мисалы, Digital CASA долбоорунун ичиндеги иштерди жасоого жарыяланган тендерди америкалык компания утуп алды. Жергиликтүү компаниялардын тендерге катышуусуна чектөө жок, көптөгөн тендерлерге катышып жатышат. Алар негедир биздин заказдарды албай, мындан улам тендерлерди чет элдиктер утуп алууда.

— Сиз билет болушуңуз керек, IT тармагы боюнча Кыргызстанда иштеген компаниялар Африка, Азия жана Европа өлкөлөрүнүн буюртмаларын аткарат. Алар менен кандай иштер жасалууда?

— Ооба, бизде 30дан ашык IT компания бар. Алар буюртмаларынын 80 пайыздан көбүн Европа өлкөлөрүнөн алат. Биз ата мекендик ишкерлерди колдоп келебиз, алар менен келишимибиз да бар. Мисалы, пилоттук негизде ушу тапта IT академиясы иштеп жатат. Андан сырткаркы, Digital CASA долбоорунда ата мекендик адистердин деңгээлин көтөрө турган иштер каралган. Ага көп убакыт керек. Биздин ата мекендик компаниялардын келечеги кең. 

Председатель ГК информационных технологий и связи Бакыт Шаршембиев

— Негизи мамлекеттик ишканалардын көбү чыгымга учурап, жада калса өзүн камсыздай албай калат эмеспи. Комитеттин алдындагы мамлекеттик ишканалардын абалы кандай?

— Мекеменин алдындагы жети ишкана бири-биринен багыты боюнча айырмаланып турат. Алар биздин техникалык буюртмаларды, программаларды жасайт. Жаңы ачылган мекемелердин бири "Түндүк" системасы менен алектенүүдө. Алардын бардыгы толук кандуу киреше таап өзүн-өзү камсыздаса, айрымдары киреше табууга жаңыдан жетишүүдө. Ишканалар өз алдынча сынактарга катышып буюртмаларды аткара алат.