Жалал-Абад облусуна барып, Арсланбобго сапар алган адам тоо алдында курулган үйдү көрөт. Анда 68 жаштагы Төлөн Мамырасулов жашайт. 1995-жылы ал бул жакка үй-бүлөсү менен көчүп келген. Бул убакыт аралыгында жубайы экөө беш баланы тарбиялап, алардын төртөө учурда шаарда жашайт.
"Шал оорусуна чалдыктым. Бир күнү ушул тоо үңкүрү түшүмө кирди. Ошондон кийин биякка көчүп келип, дарыландым, айыктым. Ушул жерде жашайм, аян келгенде жер казам", — деди Мамырасулов.
Ал тоодон үңкүр оюп, кадимки конок үйгө айлантып алган. Казып жатканда кумаралардын сыныктарын, жаныбарлардын сөөгүн тапканын айтып берди. Карыянын пикиринде табылгалар бул жакты мурун адам баласы байырлаганынан кабар берет.
Мындан тышкары, биздин каарман "сүрөт түшүрүлгөн" таш менен тамгаларга окшош бутактарды жыйнап келет. Анүчүн атайын бурч бөлүп, "музей" атап алган.
Электр жарыгы менен башка бир катар шарттардын жоктугуна карабастан, үй-бүлө табиятка жакын болуп жашаганына ыраазы. Жакыр болсо да кайрымдуулук кылып, ары-бери өткөн жолоочуларга ашын, үйүн белендеп беришет. Ал эми жергиликтүү тургундар бул жакка сыйынып, бата алып кетүүгө келери белгилүү болду.