Ырчы, механик, философ... Чет өлкөлөрдө кимдер КР элчиси болуп отурат

Дүйнөнүн 30 өлкөсүндө Кыргызстандын дипөкүлчүлүктөрү бар. Sputnik агенттиги кыргыз элчилери мурда кайсы тармактарда иштегенине кызыгып көрдү.
Sputnik

Ой келди сүйлөбөйт, жетекчини сындабайт! Дипломатка 10 "болбойт"
Акыркы кездерде Кыргызстдын чет өлкөлөрдөгү өкүлдөрүнө бир топ сын пикирлер айтылып жүрөт. Мисалы, Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султан чуу менен жумуштан кеткенден кийин ЖК депутаты Элвира Сурабалдиева АКШ менен Канададагы элчи Кадыр Токтогулов дагы ээлеген кызматына татыктуу эмес деп сындап чыкты. Ошондой эле парламентарий элчилерди өтө дыкаттык менен тандоону сунуштады.

Мындан улам Sputnik элчилердин эл аралык мамилелер жаатындагы тажрыйбасы, кесиби, билген тилдерине чейин кабар алды.

Россиядагы элчи Болот Отунбаев

Чрезвычайный и Полномочный Посол КР в РФ Болот Отунбаев
Болот Отунбаев алгачкы билими боюнча тарыхчы. Ал эми дипломаттык кесипке 2000-жылы Россия ТИМинин академиясында ээ болгон. Буга чейин Түркиядагы элчиликте кеңешчи, Германияда толук ыйгарымдуу элчи болуп эмгектенген. Билген тилдери: кыргыз, орус, англис жана түрк.

Украинадагы элчи Жусупбек Шарипов

Посол КР в Украине Жусупбек Шарипов
Кесиби — инженер-куруучу. Кийин Саратов шаарындагы жогорку партиялык мектепти аяктаган. Бир нече жыл ар кайсы облустарды жетектеп жүрүп, элчилик кызматка 2007-жылы аттанган. Бир эле учурда Сауд Аравиясы, Кувейт, Египет, Катар мамлекеттеринде Кыргызстандын өкүлү болуп, 2015-жылы бул тизмеге Бахрейн кошулган. Билген тилдери: кыргыз, орус, өзбек.

Белоруссиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиев

Кубанычбек Омуралиев
Алач инженер-механик кесибине ээ болгон. Андан соң Бүткүл россиялык кайра даярдоо институтунун аспирантура бөлүмүн экономика адистиги боюнча аяктаган. Дипломаттык кызматка 1999-жылы аралашып, алгач АКШ жана Канададагы элчиликте эмгектенген. Билген тилдери: кыргыз, орус, англис.

Түркмөнстандагы элчи Жаныш Рүстөнбеков

Рүстөнбековду эл элчи эмес, депутат, министр катары көбүрөөк тааныйт. Биринчи жолу элчи болуп 2007-жылы Казакстанга жөнөтүлгөн. Кесиби боюнча энергетик. Билген тилдери: кыргыз, орус.

Тажикстандагы элчи Мирослав Ниязов

Кесиби боюнча инженер-механик. Фрунзе политехникалык окуу жайын аяктаган. Күч органдары менен катар саясий дагы кызматтарды аркалаган. Алгачкы жолу 2001-2005-жылдары ошол эле Тажикстанга элчи катары барган. Билген тилдери: кыргыз, орус.

Казакстандагы элчи Жээнбек Кулубаев

Посол КР в Казахстане Жээнбек Кулубаев
Алгач Москва аскердик институтун аяктап, андан соң Кытай ТИМинин дипломатиялык институтунда окуган. 1992-жылдан бери ТИМ системасында иштеп келе жатат. Билген тилдери: кыргыз, орус, англис, кытай.

Кытайдагы элчи Азамат Үсөнов

Встреча заместителя министра Азамата Усенова и генерального консула России в Оше Роман Свистиным
2002-жылы Кытай Эл университетинин укук институтун, 2005-жылы ошол эле окуу жайдын эл аралык мамилелер бөлүмүн бүтүргөн. Окуусун аяктаары менен ТИМдин Консулдук кызмат департаментинде иштей баштаган. Билген тилдери: кыргыз, орус, англис, кытай.

Сауд Аравия падышалыгындагы элчи Абдилатиф Жумабаев

Египеттеги "Аль-Азхар" университетинде укук жана юриспруденция факультетин аяктаган. Кийин Кыргызстандагы бир катар ЖОЖдордо окутуучулук менен алектенген. 2012-жылы КР президентинин алдындагы диний иштер боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген. Билген тилдери: кыргыз, орус, араб, түрк жана англис.

Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчи Гүлнара Искакова

Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн, юридика илимдеринин кандидаты. АКШдагы "Дюк" окуу жайынын магистратура бөлүмүн укук жааты боюнча окуган. 2003-жылы КР Баш мыйзамын иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун мүчөсү болуп, 2007-жылы "Ата Мекен" партиясы менен парламентке аттанган. ТИМ системасына 2010-жылы өткөн. Билген тилдери: кыргыз, орус, англис.

АКШ жана Канададагы элчи Кадыр Токтогулов

Посол КР в США Кадыр Токтогулов
Кесиби боюнча журналист. 2014-жылы азыркы кызматына  дайындалганга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы болуп иштеп келген. Билген тилдери: кыргыз, орус, англис, түрк.

Швейцариядагы элчи Данияр Мукашев

Посол Кыргызстана в Швейцарии, постоянный представитель при ООН и других международных организациях в Женеве Данияр Мукашев
Мукашев башынан бери дипломатия тармагында келе жатат. Түркиянын Измир шаарында эл аралык мамилелер боюнча билим алган. Буга чейин Германиядагы элчиликте эмгектенген. 2016-жылдан бери БУУнун жана Женевадагы эл аралык уюмдарда Кыргызстандын өкүлү, аны менен катар Швейцариядагы жана Италиядагы элчиси болуп иштеп келе жатат. Билген тилдери: кыргыз, орус, англис, француз.

Бельгиядагы элчи Асеин Исаев

Урал мамлекеттик университетин 1986-жылы бүтүргөн. Философия илимдеринин  кандидаты. 1994-жылы ТИМ сиситемасына өтүп, бир нече жетекчилик кызматтарды аркалаган. Буга чейин Казакстан жана Индиядагы элчиликтерде эмгектенген. Билген тилдери: кыргыз жана орус.

Австриядагы элчи Бакыт Жусупов

Посол КР в Австрии, постоянный представитель КР при ОБСЕ Джусупов Бакыт
Жусупов Австриядан тышкары, Венгрия жана Словения өлкөлөрүндө дагы элчилик кызматты аркалайт. Кыргыз улуттук университетин эл аралык мамилелер факультетин аяктаган. Билген тилдери: кыргыз, орус, англис, түрк, япон.

Германиядагы элчи Эринес Оторбаев

Оторбаева назначили послом Кыргызстана в Германии
Кесиби боюнча немис жана поляк тилдеринин мугалими. Бир нече эл аралык долбоорлордо иштеген. 1995-98 жана 2006-2010-жылдары Германиядагы элчинин кеңешчиси болгон. Өзү Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп 2015-жылдын июнь айында дайындалган. Билген тилдери: кыргыз, орус, немис, поляк, англис.

Түркиядагы элчи Ибрагим Жунусов

Посол Кыргызстана в Турции Ибрагим Жунусов
Жунусов алгач элчи эмес, ырчы катары таанымал. ОшМУнун музака факультетинин бүтүрүүчүсү, Кыргыз Эл артисти. Элчиликке чейин ЖК депутаты, маданият министри, вице-премьер-министр болууга жетишкен. Түркияга элчи болуп 2014-жылы жиберилген. Билген тилдери: кыргыз, өзбек, орус, түрк.

Пакистандагы элчи Эрик Бейшембиев

Алгачкы кесиби тарыхчы, кийин дипломатия жана эл аралык укук жааты боюнча магистратураны аяктаган. Тарых илимдеринин доктору. 1994-жылдан бери ТИМ системасында ар кайсы бөлүмдөрдү жетектеп келген. Билген тилдери: кыргыз, орус, англис.

Кувейттеги элчи Самаргүл Адамкулова

1990-жылы Ленинград мамлекеттик университетин бүтүргөн. Кесиби боюнча чыгыш таануучу-тарыхчы. ТИМ системасына 1992-жылы келген. Буга чейин Улуу Британия жана АКШдагы элчиликтерде иштеген. Билген тилдери: кыргыз, орус, англис жана араб.

Катардагы элчи Нуран Ниязалиев

Встреча полномоченого посла КР в государстве Катар с г-ном Мисфери Хамадом Аль-Шахвани
1999-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинде иштеп келе жаткан адис 2012-2015-жылдары БУУнун алдындагы кыргыз өкүлчүлүгүндө иштеген. Азыркы кызматына 2015-жылы дайындалган. Билген тилдери: кыргыз, орус, англис.

Бириккен Араб Эмирликтериндеги элчи Чыңгыз Эшимбеков

1994-жылы КУУнун тарых факультетин бүтүргөн. Швейцария, Түркия жана Түштүк Кореяда эл аралык мамилелер жаатында тажрыйба топтогон. Кийин  Куала-Лумпур, Исламабад жана Сеул шаарларындагы кыргыз элчиликтеринде эмгектенген.  Билген тилдери: кыргыз, орус, англис.