Окуянын видеосу YouTube каналына жүктөлгөн.
Турист токойдо аюунун мамалактары менен жүргөнүн көрүп, видеого тартып алууга ашыккан. Камера көтөргөн эркек, жырткычтарду тартууга баш-оту менен кирип кетип, коопсуздук чараларын эстен чыгарып жиберген. Алдында адамзат басып жүргөнүн көргөн аюу айкырып сала берген. Видеодо шаштысы кетип калган киши жырткычты сестентем деп кыйкыра берип, тескерисинче, өз өмүрүн тобокелген салып алганын кеч сезип калган. Аюуну дал маңдайына келип калганын көргөн "оператор" жыгылып-туруп, артын карабай качып жөнөгөн. Кийин камерага тартылып калган окуянын видеосун интернетке жайгаштырган.