"Эйр Манас" авиакомпаниясына тиешелүү эки гана учак бар. Бул тууралуу Данияр Арынов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дүйнө жүзү боюнча учак тетиктерин чыгарган 5-6 гана өлкө бар.
"Ушу тапта Бишкек-Ош аба каттамы боюнча билеттердин баасы 1400-4000 сомду түзүүдө. Биздин аба кемелерибиз негизинен Бишкек-Ош каттамы боюнча эле учат. Башка аэропортторго коно албайт. "Эйр Манас" авиакомпаниясына таандык болгон эки гана учак бар. Бирине 20, бирине 10 жыл толду. Соңку кездерде авиакомпаниялар боюнча жалпыланган маалыматтар тарап кетти. Эл аларды өзүнчө карап, кайсы компаниянын акыбалы кандай экенин билүүгө тийиш. Антпесе күнөөсүздөр деле күнөөлүү болуп калууда. Техника деген техника экен. Канча караса деле президенттердин учагы да бузулуп турат. Азыркы кезде дүйнө жүзү боюнча учак тетиктерин даярдап чыгарган 5-6 гана өлкө бар", — деди Арынов.
Ал мамлекеттик тиешелүү органдар башка мамлекеттерден тетиктерди алып келүүгө жеңил жана ыңгайлуу жолдорду карап чыгышы керектигин кошумчалады.