Кеминде Mercedes менен жолтандабас сүзүшүп, айдоочу жана ымыркай мүрт кетти. Сүрөт

Автокырсык Кызыл-Октябрь айылында эртең мененки саат 8.30да болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кемин районунда Mercedes-Benz менен Toyota Harrier автоунаалары кагышып, үч айлык наристе менен айдоочу мүрт кеткен. Бул туурасында Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан (ЖКККБ) кабарлашты.

ДТП в Кеминском районе Чуйской области

Кырсык Бишкек — Нарын — Торугарт кан жолунда Кызыл-Октябрь айылында, 21-октябрда саат 8.30 чамасында болгон. 

"Алдын ала маалыматтарга караганда, Mercedes-Benz автоунаасынын айдоочусу уктап кеткен", —  дешти ЖКККБнын маалымат кызматынан. 

ДТП в Кеминском районе Чуйской области

Автокырсыкка учурагандардын ичинен жаракат алган үч киши ооруканага жеткирилген. Милициядан жеринде материал чогултулуп, экспертиза дайындалгандыгын айтышты.

Бүгүн таңга маал Жумгалда жол кырсыгынан жеңил автоунаа сууга кулап, 24 жаштагы жигит көз жумган.