Улуу Британияда 100 жаштагы кемпир турмушка чыкты

Үлпөт той Престенин шаарында түгөйлөрдүн үйүнүн жанындагы мейманканада өткөн. Тойго түгөйлөрдүн туугандары жана достору болуп 30га чукул конок келген.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Улуу Британиянын тургуну, былтыр 100 жылдык мааракесин өткөргөн Нора Уиткисс өзүнөн 26 жаш кичүү сүйүктүүсүнө турмушка чыкты. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазып чыкты.

Кемпир өзүнүн болочок күйөөсү менен 1980-жылдардын аягында бий сабагынан таанышкан. Алар ошондо эле жолугуп баштап, мамилеси ушул күнгө чейин уланган.

Буга чейин автобус айдоочусу болгон күйөөсү бий сабагына барып баштаганда жакшы бийлей албаганын мойнуна алды.

"Ал мага бийлегенди үйрөттү. Экөөбүз убактыбыздын көбүн саякаттап, сейилдеп өткөрчүбүз. Жакшы көргөн бийибиз "ча-ча-ча" болчу", — деген Малкольм Йетс.

Үлпөт той Престенин шаарында түгөйлөрдүн үйүнүн жанындагы мейманканада өткөн. Тойго түгөйлөрдүн туугандары жана достору болуп 30га чукул конок келген.

Сейил бакта эс алып жүргөн кемпир 34 миң долларлык алмаз таап алды
Андан соң күйөөсү аялын майыптардын коляскасында ABBA тобунун Dancing Queen ырынын коштоосунда чиркөөнүн төрүнө алып барган.

Ал эми Нора Уиткисс "келинчек болгон сонун экен, ушунча жыл күткөнүмдү актады" деп айткан.

Нора Уиткисс 1917-жылы төрөлгөн. Ал гольф-клубда ашпозчу жана үй кызматкери болуп иштеп жүрүп биринчи жолу 18 жашында күйөөгө тийген. Жолдошу 1970-жылы каза болуп калган. Андан кийин ал башка бир киши менен жолугушуп жүрүп, аны менен 16 жыл бирге түтүн булаткан. Кийинчерээк Йетсге кезиккен.