Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ырчыны кепке тартып, чыгармачыл инсан башынан өткөргөн кыйын да, бактылуу да күндөрү, чыгармачыл жолу тууралуу айтып берди.
— Наамды күттүңүз беле? Дегеле наам сиз үчүн канчалык маанилүү?
Мен бул наамга жанталашкан деле жокмун. "Наам качан аласың, документиңди тапшырбайсыңбы" деп тааныштар, кесиптештер сүрөп туруп алышты. Анын үстүнө наам бул намыс экен. Баары эле "ай, жаштар алып жатат, сенин буга чейин иштегениң, гастролдоп жүргөнүң эмгек эмеспи" дегендер да көп болду, көкүтүштү. Чын эле убагында биз Кыргызстандын төрт бурчун, СССРдин 15 республикасын, жайлоо, кыштоонун баарын кыдырып концерт койгонбуз. Ушунун баары эмгек да деп ойлондум. Намыска келдим да, эстрада союзунун сунушу менен документтерди тапшырдым. Көрсө наам деле алдыга чыгып иштегенге стимул берет экен. Мен "пенсияга чыктык, 60 жаштан аштык, наамдын зарылчылыгы деле жок го" деп ойлоп жүргөм. Көрсө жакшылык, ийгиликтин эрте-кечи жок турбайбы.
— Акыркы жылдары сахнадан, теледен такыр эле көрүнбөй кеттиңиз эле?
— Тагдырым оңой болгон жок. 25 жыл кызымдын оорусу менен алышып, акыры аны ажалга тарттырып ийип отуруп калдым. Ошол 25 жылда ары карап ыйлап, бери карап күлүп эч кимге билгизбей иштеп жүрүптүрмүн. Өткөн күндөргө саресеп салсам, мен жанталашып кызымдын оорусун жарнамалап, жардам сурабаптырмын. Азыр айласы кеткен ата-энелер кайрымдуулук концертинен бери өткөрүп жатышпайбы. Балким мен деле убагында ошентип "кызым ооруйт" деп жарыя кылсам, көпчүлүк жардам берип айыгып кетмек беле деп да ойлоп коем. Сахнага күлүп-жайнап чыгып, жеке жашоомду, түйшүгүмдү эч кимге билгизбей жүрчү экенмин. Ошон үчүн өзүмө баа берем. Бул кемчиликпи же артыкчылыкпы, аны билбейм.
Жандуу концерт менен айылдарга барып, андан кийин 2000-жылдардын аягында тойлорго чакыруу түшө баштады. Башында биз тойго барып ырдагандан уялчубуз. Азыр, тескерисинче, ырчылар той издеп калышпадыбы. Ал кезде атыбыз бар, эл суусап чакырып турган кез. Болгону өзүмдү жарналамалаган эмесмин. Пиар, жарнама дегенди эми түшүнүп, үйрөнүп жатам. Көрсө ырчыга ал дагы керек экен.
— Оорулуу бала менен чыгармачылыкты бирге алып кетүү кыйын болгон жокпу? Кызыңыз эмне менен ооруду эле?
— Кызым баш мээнин ичиндеги кан басымы менен төрөлгөн. Ошондон баштап эле ооруканадан башыбыз чыккан жок. Кийин ал шишикке айланып кетти. Баса албай, талмага туш болду. Бала деген жаман экен, "мен кыйын" деген молдодон чиркөө, корейлердин көз ачыктарына чейин бардык. Акыры дарылатканы Москвага баралы деп даярданып жатсак Кыргызстанда бир эмес, эки революция болуп кетип, анда да баралбай калдык. Ошондон кийин кызым кете берди. Убагында дарылатсам, балким, кызым аман калмак беле деп да өкүнгөн учур болду.
— Канча балаңыз бар?
— Улуу балам 35 жашта, кызым 1985-жылкы болчу.
— Жолдошуңузчу?
Бирок күйөөмөн да көңүлүм калды. Кызым ооруп жүргөндө бир басып келип, аталык мээримин төккөн жок. Азыр жалгыз эле уулум калды. Баласы менен да катышпайт. Кызым өлгөндө араң таап келбедикпи. Менин деле ата-энем үч жашымда ажырашып кетишкен. Бирок апамдын кыйындыгы менен мен атам, атамдын экинчи аялы менен өскөм. Энем өзү суусамырлык болчу, бирок атамдын айылы Төш-Булакта болгондуктан "бир туугандары менен чогуу өссүн" деп ошол жакка атайын көчүп келип, колхозго жумушка орношуп, жеңемди (атамдын экинчи аялы) жетелеп алып тойлорго чогуу барчубуз. Энем өлгөндө ошол аталаш бир туугандарым келди. Алар менен аябай жакшы катташам.
— Жалгыз бой эки баланы, болгондо да оорукчан баланы багуу кыйын эле болсо керек?
— Ананчы. Негизги жумушум ырчы болгон соң гастролдоп жүрүп акча тапчумун. Каныкей Эралиеваны ээрчип жүрдүм, Айчүрөк Иманалиева барган жерине "пенсионер" деп салып алып, көп жардамын көрсөттү. Таптакыр жумуш жок болуп отуруп калганда айлам кетип нан жаап, сатчубуз. Жакшынакай ийлеп, бышырып туруп балама берчүмүн. Экөөбүз алмак-салмак дүкөндүн алдында сатчубуз. Анан эмне кылмак элек. Ошондой оор күндөр өттү. Балам балалыгы кандай өткөнүн деле билбей калды. Үйдө оорукчан киши болсо эне эле эмес, ошол үй-бүлөнүн баары анын түйшүгүн тартат экен. Азыр майып, оорукчан балдарды багып алган аялдарга таазим этем. "Кармангыла" деп айтмакчымын. Андай түйшүктү эне эле түшүнүп, көтөрөт.
— Балаңыз азыр кайда иштейт?
— Ал дагы чыгармачыл чөйрөдө. Бирок көбүнчө паб, клубдарда ырдайт. Кичинесинен эле музыкалык аспаптарда ойноп калчу. Көбүнчө англис, орус тилинде ырдачу. Азыр кыргызча да жакшы ырларды ырдай баштады.
— Эми чыгармачыл жолуңузга кайрылсак. Кичинеңизде эле ырга шыктуу, жакын белеңиз?
— 1957-жылы 20-майда Сокулук районунун Төш-Булак айылында, карапайым үй-бүлөдө төрөлгөм. Атымды негизи Калича коюшмак экен. Бирок чоң энем "Калича деген кайнежем бар" деп болбой коюптур. Ыраматылык атам китепти сүйгөн, күнү-түнү окуган адам экен. Мен төрөлгөн кезде "Миң бир түндү" окуп жатыптыр, анан "кызымдын атын Шахрезада коем" деп өзү коюптур. Орус мектепте окугандыктан мен Зоя да, Шура, Шухра, Зухра да болдум. Өзүмдүн ысымыма студент кезде араң көнгөм.
Жан дүйнөм ыр деген менен энем менин ырчы болушума каршы болуп туруп алды. Эмерек заводунда иштеп жүрүп, ал жерден Ленинградга окууга жиберишти. Ал жактан да эс-дартым музыка деп туруп алгандыктан, музыкалык колледжге тапшырып алгам. Бирок кулагым ооруп, кайра Кыргызстанга келдим. "Фрунзе" заводунда иштеп жүрүп, "Дастан" деген ансамблинде ырдадым. Кийин "Толкун" деген ансамблде ырдап жүрүп, жылдызым жанып "Жолуңдан тосоюн", "Кызгалдактар" деген ырларым ошондо чыккан. "Толкун" ансамблинен кийин филармониянын экзаменинен өтүп, "Наристе" деген топто ырдап калгам.
— Алдыда кандай пландарыңыз бар?
— Былтыртан бери чыгармачылык маараке концертин берейин деп камынып жүргөм. Буюрса, жакында деп турабыз. Азыр эски ырларды аранжировкалай баштадык. Туугандарым, айылым колдоп жатат. Көрсө, менин ырларым фонддо сакталбаптыр. Ошондуктан концертте мен жаңы ырларга эмес, эски ырларга басым жасап жатам. Мурун көбүнчө барабан, гитаранын коштоосунда ырдачубуз да. Дал ушундай өткөндү эске салган гитаранын коштоосундагы ырлар ушул концертте жаңырат.