Назарбаев Казакстанда Путин менен Мирзиёевди тосуп алды. Эмне тууралуу сөз болду

Үч мамлекеттин башчылар Түркестан облусунда жолугушкан.
Sputnik

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Россия менен Өзбекстандын президенттерин Түркестан облусунда тосуп алганын Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди.

Назарбаев өлкөнүн байларына Түркестанга бирден имарат курууну милдеттендирди
Бейрасмий форматта жолугушкан Нурсултан Назарбаев, Владимир Путин жана Шавкат Мирзиёев мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармакта кызматташуунун мындан аркы маселелерин талкуулашкан.

Өлкө башчылары андан сырткары эл аралык уюмдардагы кызматташуу, анын ичинен КМШнын алкагында кызматташуу маселелерин дагы карашкан. Алар аймактык жана дүйнөлүк күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашышкан.

Россиянын президенти Владимир Путинди Ташкентте кантип тосуп алышканын видеодон көрүңүз