Индияда топтошкон элди поезд сүзүп кетип 60тай киши каза болду. Видео

Каргашалуу кырсык "шайтан" каракчыны өрттөп жатканда майрам учурунда катталган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-окт.— Sputnik. Индияда поезд топтошкон элди сүзүп кетип, кырсыктан 60 киши каза болду, дагы 100гө чукулу жаракат алган. Бул тууралуу ВВС маалымдады.

Окуя 19-октябрь күнү, өлкөнүн түндүк тарабында жайгашкан Пенжаб штатынын Амритсар шаарында болгон.

Маалыматка ылайык, кырсыкка кабылган индиялыктар жамандыкты жакшылык жеңген күн делген Дуссер майрамын белгилеп жатышкан.

Жарандар темир жолго жакын туруп алып Раван шайтанынын кебин өрттөгөн учурду жана фейерверк көрүп жатышкан. Күбөлөрдүн айтымында, чогулгандар поезддин үнүн укпай калышкан.

​Айрым маалыматтарга караганда, майрамдын уюштуруучулары элди фейерверктен алыс турууну өтүнүшкөн. Дагы башка билдирүүлөр боюнча, адамдар өрттөнүп жаткан кеп түшүп кетпесин деп өздөрү эле темир жолго жакын туруп алышкан.

Анын үстүнө майрамдын катышуучулары телефондоруна фестивалдын жүрүшүн тартып жатып, катуу ылдамдыкта келе жаткан поезддин жакын келип калганын сезбей калышкан.

Москвада элди сүзүп кеткен кыргызстандык таксистке соттун чечими чыкты
Соцтармакта кырсыктын видеосу пайда болгон. Анда көрүнүп тургандай катуу ылдамдыкта келе жаткан поезд топтошкон элди сүзүп кеткен.

Жергиликтүү тургундардын бири жыл сайын эле ушул майрамда эл темир жолго чогулуп турарын айткан.

Бийлик жабыркагандарды аман алып калуу үчүн бардык күч жумшаларын билдирген.

Пенжаб штатынын башчысы Амариндер Сингх окуя чоң апаат экенин айтып, Twitter баракчасына жергиликтүү бийлик кырсыктан жабыркагандарга колдоо көрсөтүлөрүн жазган.